Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:29

Кыргызстанда 23 ишкана мыкты салык төлөөчү деп табылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик салык кызматы 2021-жылы салык төлөөчүлөрдүн арасынан 23 компанияны мыкты деп таап, сыйлык тапшырды. Мекеме тандалган ишканалар казынанын кирешесин көбөйтүүгө жигердүү катышып, салык мыйзамдарын ак ниет аткарганын белгилейт.

Сыйланган ишканалар төрт тармак боюнча өз-өзүнчө тандалган:

  • Өндүрүш тармагында "РыбМир”, "Салих", "Ош-Мастер", "Табылгы", "Интерхим", "Ош Сут", "Нур" ЖЧК, "Бай Дыйкан";
  • Курулуш тармагында "Глобал Строй Сервис", "Ак-Тулпар", "Падыша Ата Лимитед";
  • Соода жаатында "Нефтяная компания Сервис", "Мечта Кей Джи", "Айсберг", "INTANT-Bishkek", "Металл Торг Сервис", "Империя пиццы", "Торговый Дом "Керамин";
  • Тейлөө тармагында "Альфа Телеком", "TEZ JET", "City Center", "Билет Стандарт", "Baker Tilly Bishkek" компаниялары.

Салык кызматы бул ишканалар канча суммада салык төккөнүн маалымдаган жок. Ишкана жетекчилерине 1-июлда сертификат жана төш белги тапшырылды.

Өлкөдө ар кандай эсептөөлөр боюнча көмүскө экономика 40% түзөрү айтылат. Мамлекет башчы Садыр Жапаров буга чейин 2021-жылы 105 млрд. сом салык жыйналганын, быйыл болжол менен 155 млрд. сом салык топтолору күтүлүп жатканын айткан. Кыргызстанда жалпысынан 700 миң салык төлөөчү болсо, жыйналган салыктын 80 пайызын үч миң салык төлөөчү түзөт.

Жаңы Салык кодексине ылайык, өлкө аймагындагы соода-сатык, жумуш аткаруу, тейлөө субъектилери накталай жана накталай эмес эсептешүүдө милдеттүү түрдө ККМ колдонушу керек. Мындай талап 1-августтан тартып коюла баштайт.

Бир катар чоң базарларда иштеген соодагерлер буга карата нааразылыгын билдирип, митинг-пикет өткөрүп келе жатышат. Алар ККМ колдонсо, товарын кымбаттатууга мажбур болорун айтууда. (TSh)

XS
SM
MD
LG