Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:05

Украина: Ливанга бет алган кеме, Донбасстагы "тозок"


Бахмут шаары. Донецк облусу. 3-август 2022-жыл
Бахмут шаары. Донецк облусу. 3-август 2022-жыл

Украинадан дан ташып чыккан кеме Түркияда эл аралык инспекторлорунун текшерүүсүнөн кийин сапарын улантып, Босфор кысыгы менен Ливанга бет алды. Ал арада Украинанын түштүгүндө жана чыгышында айыгышкан салгылашуулар уланууда.

Түркиянын Коргоо министрлиги 3-августта билдиргендей, кемени 20 кишиден турган топ текшерип чыкты. Макулдашууга ылайык, текшерүү Стамбул портуна эмес, деңиздин өзүндө жүргүзүлдү.

Razoni кемеси Ливанга жол тартты. Түркия, 3-август 2022-жыл
Razoni кемеси Ливанга жол тартты. Түркия, 3-август 2022-жыл

Орусия Украинага кирип-чыккан кемелер Батыштын курал-жарагын ташып келиши ыктымал деп кооптонгондуктан, аларды текшерип туруу каралган. Razoni кемеси 26 миң тонна жүгөрүнү Ливанга тартып баратат. Ал 1-августта жолго чыгып, 24-февралдан бери Украинадан эгинди порт аркылуу экспорттогон алгачкы кеме болуп калды.

АКШнын Мамлекеттик департаменти жаңылыкты “миллиондогон тонна эгин азык-түлүк тартыштыгына туш болуу коркунучуна кептелген элге жетет деген үмүт жараткан маанилүү кадам” деп сыпаттады. Ошол эле маалда Орусияны өз милдеттенмесин аткарып, Украинадагы айдоо аянттарын бутага алууну токтотууга тийиш деп белгиледи.

БУУнун басма сөз катчысы Стефан Дужариктин маалыматына караганда, Украинанын үч портунда айыл чарба продукциясы жүктөлгөн 27 кеме өз кезегин күтүп турат.

Киев азык-түлүктүн экспортуна мүмкүнчүлүк бербей жатат деп Москваны айыптаган. Орусия болсо кемелер украин миналарынан улам чыга албай жатканын айтып келген. БУУ өз кезегинде Африка жана Азиянын жакыр өлкөлөрү ачарчылыкка туш болушу мүмкүн деп эскерткен.

Украина менен Орусия 22-июлда Стамбулда БУУ жана Түркия менен өз-өзүнчө кол койгон келишимге ылайык, Одесса, Черноморск жана Южный портторунан дан азыктарды чыгаруу үчүн коопсуз коридор түзүү каралган.

Ал арада Украинанын түштүгүндө жана чыгышында айыгышкан салгылашуулар уланууда. Президент Владимир Зеленский шейшембинин кечиндеги кайрылуусунда ал жактагы абалды “тозок” менен салыштырды:

"Ооба, биз азырынча орус армиясына артиллерия, аскерлердин саны жагынан жете албайбыз. Кармаштарда бул абдан сезилүүдө, өзгөчө Донбасттагы Пески, Авдеевка жана башка жерлерде. Ал жактагы тозокту сүрөттөөгө сөз жетпейт".

Донецкидеги эвакуация. 2-август 2022-жыл
Донецкидеги эвакуация. 2-август 2022-жыл

Донецк облусунун Киевдин карамагындагы райондорунан калк эки күндөн бери эвакуацияланып жатат. Украин бийлиги ал жакта кала берген 200 миңдей кишини коопсуз жерлерге чыгаруу үчүн милдеттүү эвакуацияны жарыялаган.

"Бир күн тынбай бомбалашты, самолеттор учуп жатты. Түндү жер төлөдө өткөрдүм. Күн бою тикемен тик тургандыктан, уйкум келип көзүм илинип кетиптир. Андан кийин эч нерсе эсимде жок. Жер төлөдөн алып чыгышты, үстүм бүт кан экен", - деп айтып берген жергиликтүү тургун Лидия.

Облустун аскердик администрациясынын жетекчиси Павел Кириленконун айтымында, шейшембиде аймактан 134 киши чыгып кетти. Бүгүн дагы 100 чакты кишини алып кетүү каралууда. Кириленко көп адамдын кеткиси келбегенин, суук түшкөндө каалоочулар көбөйөрүн айтат.

Салгылашууларда газ түтүктөрү, башка инфраструктура керектен чыккандыктан, бийлик кышка чейин карапайым элди эвакуациялоону көздөөдө.

Президент Зеленский “HIMARS системаларынын жардамы менен украин жоокерлери апта өткөн сайын баскынчылардын көбүрөөк жоготууларга учурашы үчүн бар аракетин жумшайт” деп айтты. Сөз болгон системалар менен АКШ камсыздап келатат. 1-августта Ак үй Киевге кошумча аскердик жардам берилерин жарыялаган. Өз кезегинде Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Украинадагы жаңжал башталгандан бери алты HIMARS системасы жок кылынганын билдирди. Анын сөздөрүн орусиялык Интерфакс агенттиги келтирди. Пентагон бул маалыматты четке какты. Москва артиллериясы HIMARS системаларына таамай урганын айтып келгени менен, бир да далилди көргөзгөн эмес.

3-августта Британиянын Коргоо министрилиги Орусия убактылуу басып алган Херсон менен аннексияланган Крым ортосундагы темир жол украин аскерлеринин соккусунан жарым-жартылай талкаланганын, аны калыбына келтирүүгө бир нече күн кетерин билдирди.

Каруу-жарак ташылган ал логистикалык жолду британ чалгынчылары орус күчтөрүнүн талылуу жери деп аташат. Ага чейин украин армиясы Антонов көпүрөсүнө сокку ургандан кийин жергиликтүү тургундардын Днепр дарыясынан өтүүсү үчүн паром каттай баштаган. Чалгынчылар сыягы орус армиясы да ошол жол менен аскерлерин камсыздап турат деп маалымдашты.

Украин куралдуу күчтөрүнүн комаданчылыгы Херсон облусунда каршы тараптын курал-жарак кампаларын, базаларын бутага алганын, алар жоготууларга, материалдык чыгымга туш болгонун билдирди. Бул маалыматты көз карандысыз булактардан текшерүү мүмкүн эмес.

3-августка караган түнү орус аскерлери Харьков жана Николаев шаарларын аткылаганы кабарланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG