Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:32

МАГАТЭнин башчысы Запорожье атомдук станциясынын абалына камтамачылык билдирди


Запорожье атомдук электр станциясынына (АЭС) кире бериши.
Запорожье атомдук электр станциясынына (АЭС) кире бериши.

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) жетекчиси Рафаэл Гросси Европадагы эң чоң атомдук станция – Запорожье атомдук электр станциясынына (АЭС) байланыштуу кооптонуусун жарыялады. Ал Украинанын орусиялык аскерлер басып алган аймагында жайгашкан.

Associated Press маалымат агенттигине курган интервьюсунда, Гросси Орусия менен Украинаны эл аралык эксперттерге станцияга коопсуз кирүүсүн камсыздап берүүнү өтүндү.

Гроссинин айтымында, станцияда коопсуздук протоколдору өтө көп бузулуп жатат. МАГАТЭнин адистери Запорожьеге барып, АЭСте зарыл болгон оңдоо иштерин жүргүзүшү керек. Бул “өзөктүк авариянын алдын алуу” жана “өзөктүк материалдардын коопсуздугу” үчүн маанилүү экендиги көрсөтүлдү. Муну үчүн анын командасына коопсуздук керек. Ошол себептүү ал Орусияны жана Украинаны “шашылыш кызматташууга чакырды.

“Эл аралык мамлекеттик кызматкер катары, эл аралык уюмдун жетекчиси катары мен эки тарапты тең бул иштерди аткарууга уруксат берүүсүн көптөн-көп суранам”, – деди Гросси. Ал ошондой эле МАГАТЭ өзүнүн катышуусу менен “атомдук электр станцияга каршы бардык зомбулук актыларын” алдын алуучу фактор болуп турат.

Рафаэл Гросси согуштун башында Запорожье АЭСине сокку жасалганын, анда Орусия менен Украина бири-бирин айыптаганын эске салды. МАГАТЭнин башчысы мунун айынан станцияга жабдууларды жана тетиктерди жеткирүү үзгүлтүккө учураганын, азыр АЭС зарыл нерселерди алып-албай жатканынан күмөн санап жатышканын кошумчалады.

Гроссинин пикиринде, азыр “парадоксалдуу кырдаал” түзүлдү, АЭСти Орусия көзөмөлдөп турат, ал эми өзөктүк операцияларды башкарууну украиналык кызматкерлер улантып жатышат. МАГАТЭдегилер ким менен байланышып, ким менен маселе чечүүнү билбей турушат.

Орусия Запорожье АЭСин Украинага кол салгандан бир нече күндөн кийин, марттын баштарында басып алган. Анда атышуулардан улам өзөктүк реактор жабыр тарткан болушу мүмкүн деген коркунучтар болгон. Ал тургай өрт дагы чыгып, араң басылган. Бул Чернобыль АЭСиндеги 1986-жылкы кырсыкка окшош чоң аварияга себепчи болуп калышы мүмкүн эле. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG