Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:39

Британияда хакердик коркунучтан улам премьер-министрди шайлоо артка жылды


Риши Сунак жана Лиз Трасс
Риши Сунак жана Лиз Трасс

Улуу Британияда хакердик чабуул коркунучунан улам Консервативдик партиянын лидерин шайлоо артка жылдырылды жана добуш берүү процедурасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу The Telegraph басылмасы кабарлады.

Жайдын аягына чейин келечектеги лидерди тандаган улуттук добуш берүү өтүшү керек эле. Анда Консервативдик партияга тиешеси бар бардык британиялыктар – дээрлик 200 миң киши добуш берет. Партиянын жаңы лидери премьер-министрлик кызматты да кошо аркалайт.

Баштапкы планга ылайык, партиянын мүчөлөрү электрондук почта аркылуу же онлайн добуш берүүгө укугу болгон жана шайлоо аяктаганга чейин өз чечимин өзгөртө алмак. Улуттук киберкоопсуздук борбору буга байланыштуу кооптонуусун билдирип, бюллетенди хакерлер өзгөртүп салышы мүмкүндүгүн эскерткен. Жаңы эрежеге ылайык, ар бир шайлоочунун жеке коду чечим кабыл алгандан кийин иштебейт, натыйжада алар тандаган чечимин өзгөртө албайт.

Бюллетендер партия мүчөлөрүнө 1-августта жөнөтүлмөк. Процедура өзгөртүлгөнүнө байланыштуу добуш берүүнү баштоо белгисиз убакытка чейин жылды. Добуш баракчалары 11-августта шайлоочулардын колуна тийет деп күтүлүүдө. Шайлоонун жыйынтыгы 5-сентябрда чыгышы керек.

Улуу Британияда шайлоо буга чейин Консервативдик партиянын лидерин тандоо боюнча шайлоонун беш туру өттү. Жарыштын финалына эки талапкер – мурдагы финансы министри Риши Сунак жана азыркы тышкы иштер министри Лиз Трасс чыкты.

Мурдагы премьер-министр Борис Жонсон кызматынан жана башкаруудагы Консервативдик партиянын төрагалыгынан кетерин 7-июлда жарыялаган. Анын алдында бир аптага жетпеген убакытта Министрлер кабинетинин элүүдөн ашуун мүчөсү жана жогорку аткаминерлер Жонсон менен иштөөдөн баш тартып, кызматынан кеткен. Жонсон жаңы өкмөт шайланганга чейин премьер-министрдин милдетин аткарып турат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG