Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Август, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 01:43

"АКШга токой аралап, абакта отуруп жеттим". Кыргызстандыктардын баяны


АКШ - Мексика чек арасындагы Америкага кирүүнү көздөгөн мигранттар. 8-июль, 2021-жыл.

"Азаттык" бүгүн "Америка кыялын" эңсеп жолго чыгып, жолду катар көргөндөрү эси-көөнүнөн чыккыс болгон адамдардын окуялардына орун берүүнү чечти. Каармандардын аты-жөнү белгилүү себептерден улам өзгөртүлдү.

Акыркы кезде социалдык тармактарда Америка Кошмо Штаттарына жумушка чакырган жарнамаларды көрүүгө болот. Айрым 15-20 миңдей катталуучусу бар Телеграм каналдарда Америкага кетүү жол-жобосун айтып, кеп-кеңеш бергендер отурат. Арасында океандын ары жагына жеткиче адам чыдагыс кордуктарды көргөндөрү да бар.

"АКШга жетүү үчүн абакта отурдум". Мирбектин баяны

Орусия Украинага кол салгандан кийин ал жактагы мигранттар, орус жарандыгын алган борбор азиялыктар Европага же АКШга чыгып кетүүгө жол издеп жатканы буга чейин айтылып келген.

Биз менен маектешкен Мирбек алардын бири. Буга чейин орус жарандыгын алган. Америкага кетүүгө дээрлик бир жыл даярданып, 24-февралда Украинада уруш башталганда Түркияга чыгып кеткен.

"Мен АКШга фирма аркылуу келгем. Алданып отуруп, 16 миң доллар менен эптеп жеттим. Аэропортко алып келип эле таштап коюшат экен, келгендердин көбү көчөдө каларын көрдүм".

Мирбек Америка Кошмо Штаттарына Мексика аркылуу дээрлик бир ай жол жүрүп, түрмөгө отуруп, азап менен жеткенин Телеграм каналдын катталуучуларына айтып берди.

"Бордерде (мигранттар чек араны ушинтип англис тилинде аташат-ред.) сегиз күн кармалдык. Андан кийин коррекциялоочу борбор деп коет экен, мени ошол жакка алып кетишти. Ал жерде кылмышкерлер отурат. Учурда Мехикалиден (Мексикадагы шаар) өткөндөрдүн бардыгы ошол жакка барат. Арасында 1,5-2 айдан бери отурган кыздар да бар. Эгер акча төлөп чыгарып кете турган адамы жок болсо төрт айдан алты айга чейин отура беришет. Ошол жагын дагы эске алып койгула".

Детеншен - АКШ менен Мексиканын чегиндеги иммиграциялык борбор же түрмө. Мехикали - АКШнын чек арасына жакын Мексикадагы шаар.

Мирбек Америкага орто жолдон "АКШга жөнөтөбүз" деген Орусиянын фирмаларына алданып, ири сумма коротконун айтууда. Ал Америкага жетиш үчүн 16 миң доллардан ашуун каражат жумшаган.

"Коррекциялоочу борбордо 43 күн отурдум, ага чейин Мексикада төрт күн отургам. Жалпысынан 50 күн болсо жети аптада канча адамды жиберишти. Ошолордун ичинен дээрлик баары эле алданды. Бардыгы мени менен байланышта. "Авито" интернет-сервисиндеги аты "Работа в Израил" деп турат. Кеңсеси Москвада Черкесское метросунан кийин жайгашкан. Алар "Авитодон" адамдарды топтошот. Детеншенде жатып мен билбеген фирмалар тууралуу уктум. Аларга алданган орус улутундагы адамдар да биз менен отурду.

Бул фирмаларга Москвада туруп келишим боюнча 250 миң рубль төлөшүң керек. Бир жумадан кийин колуңа келишим тиерин айтышат, бирок беришпейт, аны Түркиядан аласыңар дейт.

Фирмалар Түркиядан куратор тосуп алып, Мехикого билет алып ошол жакка сала турганына ишендиришет. Мехикодон Америкадан келген куратор тосуп аларын, ал юрист, адвокат экенин да айтышат. Бирок мунун баары жалган. Эч ким, эч жерден тосуп албайт".

Мирбек Москвадан кийин Стамбулга барган. Ал жакта да оңбогондой азап күтүп турганын айтып өттү.

"Стамбулда байланыштыруучу деп коет. Тихуанадан өткөрүү үчүн 3 миң доллар сурайт. Аны төлөбөсөң, биринчи берген 250 миң рублиң, Стамбулда мейманканада жашаган акчаң күйүп кетет. "Сен тууралуу маалыматтарды Мексикадагы чек арачыларга берип коебуз" деп коркутушат. Айтканын аргасыз аткарат экенсиң. Америкага жеткенде булар менен сүйлөшөм деп ойлогом. Бирок башка маселелерге алаксып бошобой жүрөм. Батир табыш керек, карта, СИМ-карта алыш керек".

please wait

No media source currently available

0:00 0:01:28 0:00

Орус жарандыгын алган айрым мекендештер АКШга турист катары барып калып калууну көздөшөт. Бирок чек арада андай туристтер кайра кайта турган билетин көрсөтүүгө тийиш. Бара турган маршруттук картасын, ага жете турган акчасы бар экени да текшерилет. Башпаанек сурагандардан ошого ылайык документтерди талап кылат.

"Тихуанадан өтүү үчүн 17 жолу аракет кылдык". Айсалкындын баяны

Орусиянын жарандыгын алган Айсалкын аттуу мекендеш АКШга Мексика аркылуу жеткен.

Колунда наристеси болгону үчүнбү же жөн гана жолу оңунан чыкканбы, иммигранттардын борборунда эки күн отуруп, чек арадан жеңил эле өтүп кеткен. Бирок Америкага жеткенге чейин Мексиканын Канкун, Тихуана, Мехикали шаарларына орун которуп, чек арадан өтүү жолдорун издешкен.

Айсалкын Тихуана шаарынан өтүш үчүн 17 жолу аракет кылып көргөн.

"Биз Сочиден Стамбулга, андан ары Канкунга, Тихуанага, кийин Мехикалиге барганбыз. Тихуанада 15 жолу аракет кылып, кире албай койдук. Ал жерде акча берип киребиз деп ойлогонбуз. Бизден 2 миң доллардан сурады. Балдарга 800 доллар деди. Жолдошум, эки балам болуп төртөөбүз элек. Шаарда көбүрөөк жүрүп калдык, 12 күн. Улам аракет кыла берип, эки жолу машине алып, аны менен өтө албай койдук. Он жетинчи жолу барганыбызда машинебизди офицерлер алып коюшкан. Биз акча бербей эле өзүбүз өтөбүз деп аракет кылганбыз. Бирок болбой калды".


Ошентип Айсалкындын үй-бүлөсү башка жолдорду сураштырууга аргасыз болгон.

"Беларус же украин окшойт, бир жигит бар экен, 1200 доллар сурады. Балдарга 600дөн алды. Ал "жөө киргизебиз, 15 мүнөттөй басасыңар" деди. Бизди "жолдо адамдын өлүгү деле жатат, сууну кечесиңер, аябай сасыйт, балдар менен суу кечип кыйналасыңар" деп коркутушкан. Кудай жалгап андай болбоду. Биздей болуп үй-бүлөсү менен өтөм дегендер аябай көп экен. Бизди түнкү 12де машинеге салып алып барышты. Кичине арыктан сууну кечип өтүп, чек арадагы тосмонун астынан өткөрдү. Ал жактан өткөндө дагы офицерлер күтүп турушуптур, мексикалыктар айтып коюшат экен. Эч кимибизге тийген жок, коркутпады. Баары качкындар келатат деп эле карап турушту. Офицерлер көп экен. Бирок биз дагы 2,5 сутка атайын лагерде отурдук. Жолдошум өзүнчө камерага, мен балдарым менен башка камерага кирдик. Ал жерде бир жаш, 5-6 айлык балдары менен аялдар бар экен. Чынын айтканда балдарга жакшы шарт түзүлүптүр. Чыкканда бизге телефон карматып, 1-августка чейин ар бир дүйшөмбү күнү катталып турушум керек экенин айтышты. Биз менен чыккандардын арасында бир ай отургандар бар экен".

please wait

No media source currently available

0:00 0:01:38 0:00

Америкага жол тарткандар арасында Мексиканын чек арасынан өтө албай артка кайткандар да жок эмес. АКШга жетүү үчүн Мексиканын токой-черин аралап, жол жүргөнүн видеого тарткандар да бар.

Америкага киргенден кийин документерди мыйзамдаштыруу үчүн көп каражат жумшалары айтылууда. Мисалы, Мексикага орус паспорту менен барып, Америкага киргенине бир ай болгон дагы бир мекендешибиз 10 миң долларга адвокат жалдап жатканын билдирди.

Телеграм тайпада отургандар Америкага Мексика аркылуу кыргыз паспорту менен жолго чыгуу мындан да опурталдуу экенин белгилешүүдө.

Өзүн Бакыт деп тааныштырган жаран Мексика аркылуу АКШга жиберген "агенттиктин" өкүлү. Ал АКШга Шенген визасын алып, ошол аркылуу кеткендер арбын экенин белгилеп, бирок анын жол-жобосун толук айтып берүүдөн баш тартты.

"Алгач Американын визасына тапшыруу керек, андан баш тартып, Грин-карта ута албай калса ушул жол менен кете берет. Кеткендердин баары кирип, иштеп жатат. Барып компания ачкандар бар".

"Чикагодо кыргыздар көбөйдү"

Бир топ жылдан бери Кошмо Штаттарда жашаган кыргызстандыктар соңку жылдары Американын бардык эле шаарларында кыргыздарга көп жолугуп жатканын айтышууда.

Чикагодо он жылдан ашуун убактан бери жашап жаткан Мамбет Америкага азыр келип жаткан кыргызстандыктар мындан он жыл мурда келгендерден кыйла айырмаланарын байкаган.

"Мурда келгендер окуган, билимдүү болсо, азыр англисче бир ооз сөз билбегендер келип жатат. Тополоң кылып, мыйзамды сыйлабагандары бар. Блогерлерге ишенип, "Америкага барсак эле байып кетебиз" деп келгендер андан көп. Орусиянын паспортун алгандар Мексикадан электрондук виза алып, "Кыргызстанга барсак, Путин бизди таап алат" деп Америкадан башпаанек сурап жатышат. Орусиянын жарандарына Мексика электрондук виза гана сурайт экен, аны интернеттен 10 мүнөттө эле алса болорун билдим. Азыр пенсияга чыкканы деле, 18 жаштагысы деле келип жатат. Токойду аралап, үч-төрт өлкөнү кесип өтүп, үч айлап жөө жүрүп келгендер бар. Америкада жашоо оңой деп ойлошот. Негизи келгендери жакшы, бирок мыйзамдарын окуп, үйрөнүп келсе жакшы. Трак айдап айына 20 миң доллар табам дегенди угуп келгендер көп болууда. Ал иш деле сезонго жараша да, максимум 5-8 миң доллар алат. Кээде болбой дагы калат. Жумушу оор. Эки жылда бел, көз кетет. Бул жакта чыгымдар дагы көп. Азыр келгендердин көбү тамак ташып, такси, оор жүк ташуучу машине, трак айдап иштешет. Эгер виза менен келсе, 3-4 миң доллар кетет, лотерея менен келгендер 4-5 миң коротот. Мексика аркылуу келгендердин арасында бир үй-бүлөгө 90 миң долларга чейин короткондор кездешет".

Америкага Мексика аркылуу мыйзамсыз барган жол бүгүн эле ачылган жок. Буга чейин деле ушундай аракеттер болуп келген. Мисалы, жарандык активист Ренат Самудинов жана журналист Элнура Молдокадырова 2017-жылы Мексиканын чек арасы аркылуу АКШга кирип жатканда кармалганы кабарланган. Самудинов видеокайрылуусунда Кыргызстандан чыгып кетүү себебин өзүнө жана үй-бүлөсүнө мурдагы бийликтен коркутуулар болгону менен түшүндүргөн. Алар АКШнын Калифорния штатындагы Аделанто шаарындагы атайын жайда кармалып турганын кабарланган.

Кийин өздөрү видео кайрылуу жасашып, АКШда мыйзамдуу жашай башташканын билдиришкен. Ренат Самудинов андан бери Америкага барган кыргызстандыктар көбөйгөнүн "Азаттыкка" билдирди. Ал ушу тапта Кыргызстандын жарандарына Мексикага кирүү кыйын болуп калганын, көбү ара жолдон артка кайып жатканын кошумчалады.

Ренат Самудинов.
Ренат Самудинов.

"Акыркы учурда ар кандай жолдорду колдонуп АКШга келген кыргыз жарандары көбөйдү. Туристтик виза менен, Грин-карта утуп же Мексика аркылуу келгендер бар. Орусиянын жарандыгын алган кыргыздар көп келип жатат. Буга Украинадагы согуштан улам Орусияда санкцияга кирип, жумуштардын азайганы себеп болду деп ойлойм. Ошого жараша азыр жумуш издегендер, батир издегендер көбөйдү. Алардын көбү өздөрүнүн тааныштарына кайрылышат. Диаспора өкүлдөрү деле жардам бергенге аракет кылабыз, бирок көбү Телеграм, Фейсбуктагы группалардан үй, бөлмө керек деп сураштырып эле таап алса болот".

Чикагодогу "Кыргыз биримдиги" клубунун координаторлорунун бири Жакшылык Мурат жарандарды мыйзамдуу жолдор менен, ошол өлкөнүн тилин, мыйзамын билип барууга чакырууда.

"Биз келген 2008-жылы 30-40тай эле кыргыз бар эле. Азыр так эсеби жок, болжолдуу түрдө Чикагодо эле 7-8 миңдей болуп калды. Андан сырткары ушул жерде төрөлүп-өскөн балдардын саны 2 миңге жакын. 2008-2015-жылдардын аралыгында Америкага студенттер көп келди. Андан кийин алар дагы кайсы бир деңгээлде убадаларды аткарбай, студенттер ар кандай жолдор менен калып калган. Ошондон кийин бир топ программалар жабылып, студенттердин виза алышы кыйынчылыкка учураган. Акыркы эки жылда мыйзамсыз дейбизби же кандай деп айтууну билбей турам, Мексика аркылуу келген кыргызстандыктар аябай көп кездешип жатат. Биздин коомго, жеке өзүбүзгө кайрылгандар өтө көп. Биз моралдык жактан жардам беришибиз мүмкүн, бирок материалдык жана башка жардам бере албайбыз. Биз бардыгына мыйзам жолу менен виза алып, Грин-карт толтуруп, ошону менен келгиле деп гана айтабыз".

Биздин маектештин айтымында, өмүрүн тобокелге салып узак жолго чыккандар арасында жакындарын жоготкондор да бар.

Жакшылык Мурат.
Жакшылык Мурат.

"Камакта отуруп жардам сурагандар аябай көп. Угуп отурсаң ар кимдин тагдыры ар кандай, кейиштүү, өкүнүчтүү. Орто жолдо "алданып калдык, алдап кетти, түрмөдө мындай болду" дешет. Ал тургай балдарынын өмүрүн тобокелге салып жолго чыгышат. Үй-бүлө мүчөлөрүнөн айрылып калгандар бар. Колдон келишинче туура маалыматты тараталы, тил үйрөнүп келсин. Тобокел кылып жолго чыгып алып, жакындарынан айрылып, айлап түрмөдө жатып психологиялык ооруларга кабылган мекендештерибиз көп. Келгиле Америкага, бул жакта эркин, адам укуктары тең сакталат, жалкоолонбой иштесең ошого жараша акча табасың. Бирок мыйзамдуу жол менен келгиле деп сунуштайбыз".

Жакшылык Мурат Америкада трак компаниясын иштетет. Ал дүйнөдөгү өзгөрүүлөргө, инфляцияга байланыштуу Америкада көп бизнестер солгундап жатканын эске салды.

"Бул жакта саналуу гана блогерлер бар. Алар бир айлык же бир жылда тапканын интернетке чыгарып, айына 25-30 миң доллар накталай таап жатканын айтып, убагында туура эмес маалыматтарды бөлүшүүдө. Кыргызстанда 5-10 миң сом тапкандар ошондойго дагы азгырылып калып жатат. Биз иштеп жүрөбүз, көрүп жатабыз. Чындыгында анча акча таппайт. Айына 15 миң доллар табышы мүмкүн, бирок чыгымдарын эсептегенде 10 миң доллар болушу мүмкүн. Трак бузулат, башка чыгымдар болот. Инфляцияга байланыштуу трак бизнеси солгундап жатат. Трак бизнеси эле эмес, башка тармактар дагы кыйынчылыкка туш болот деп эксперттер айтып жатышат".

please wait

No media source currently available

0:00 0:02:52 0:00

"Америка кыялынан" акча жасаган алдамчылык

Социалдык баракчалардагы ар кандай топтордо Америка Кошмо Штаттарына бир гана Мексика маршруту менен эмес, Жапония, Европа, Германия, Венгрия аркылуу кеткен жолдор бар экенин жазып жатышат. Түштүк Америкадагы Эквадор өлкөсү аркылуу кетүүнү сунуштагандар бар. Бирок бул өтө катаал жолдордун бири.

Буга чейин "Азаттык" АКШга барып, жаңы турмуш баштайбыз деп кыялданган ондогон жаран Бишкектеги “Грин Лайт компани” деген компанияга виза үчүн алды беш, арты 16 миң долларга чейин берип алдангандар тууралуу жазган. Алар Түркия, Молдова, Украинада айлап виза күтүп жатып, акыры алданганын билгенде Кыргызстанга кайтып келип, милицияга арыз жазган. Бишкектин Ленин райондук соту компаниянын башында турган шектүүнү бир айга үй камагына алган.

Кыргыз жарандары Америкага виза алуу үчүн Бишкектеги элчиликтин расмий сайтына кирип, тийиштүү документтерди онлайн толтурушу зарыл. Андан кийин консул менен бетме-бет отуруп, маектешүүдөн өтүшү керек. Укук коргоо органдары мындан башка виза алып берүү жолдорун сунуштап, жардам берем деген жарандар менен компаниялардан сак болууга чакырат. АКШга виза алуу үчүн документ тапшырып, бирок ала албай калган жарандар аз эмес. Балким ошондон улам Мексика же башка өлкө аркылуу кирүүгө, оңой жолу менен виза алууга аракет кылгандар көбөйүп, андан пайдалангандар да болушу ыктымал.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги 27-июндан 4-июлга чейин өлкө аймагында экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы "Нелегал-Трафик 2" иш-чарасын жүргүзгөн. Натыйжада мыйзамсыз миграция боюнча 369 эреже бузуу фактысы, мыйзамсыз миграция уюштурулган 45 факт катталганын билдирген.

Эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо министрлигинин соңку маалыматы боюнча, 1 млн. 200 миңге жакын Кыргызстандын жараны чет өлкөлөрдө эмгектенет. Алардын басымдуу бөлүгү - 1 млн. 63 миңдейи Орусияда. Кыргызстандыктар иштеп жүргөн экинчи өлкө - Казакстан. Ал жакта 30 миңдей мекендешибиз бар. Түркияда - 20, АКШ жана Араб өлкөлөрүндө 10 миңдей.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Кошмо Штаттарда болжол менен 26 миңдей кыргызстандык атуул иштеп, жашап жатат. Булардан сырткары Түштүк Корея, Европа өлкөлөрүндө да убактылуу жашап-иштеген мекендештер бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG