Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:34

"Европага жумуш". Акчасын алдаткан мигранттар


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Москвада иштеген 150дөн ашык кыргызстандык Европага жумушка орноштуруу боюнча компанияга алданып калганын айтып чыкты. Элчиликке кайрылган жарандар аларга жумушчу виза алып берүүнү убада кылып, "Иммигрейшн 365” аттуу компания ар биринен 100 миң рублден алганын айтууда.

"Акчабызды алып, Европага жөнөтпөй жатышат"

Орусияда жашап, иштеген 44 жаштагы кыргызстандык Айзада Мурадилова Москвада жумушу жүрүшпөй, Европага кетүүнүн жолдорун карай баштаганын айтып берди. Тааныштары аркылуу "Иммигрейшн 365" компаниясына барып, келишим түзгөн. Ал талап кылынган акчаны толук төккөндөн кийин Ирландияга кулпунай тергени жөнөтмөй болушкан.

Айзада Мурадилова
Айзада Мурадилова

"Алар мага жана 21 жаштагы уулума "Европада сонун жумуштар бар" деп айтып, кызматы үчүн 1250 евро төлөш керек деди. Бир ай ойлонуп отуруп, өзүм биринчи барып көрөйүн дедим. Мен компания айткан сумманы бөлүп төлөп отуруп, соңунда 125 миң рубль бердим. Ирландияга кулпунай тергени барасың деген. Украинадагы согуштун кесепетинен улам Орусияда иштеген мигранттардын көбү жумушсуз калдык. Ошол эле февралда кетесиң деди, анан кайра мартта, анан апрелде деп созуп жатышты. Анан апрелде барсам сага чакыруу барагы келди, кетесиң дешти. Бирок ал кагазды мага көрсөткөн жок. Кийин ал чакыруу жасалма экени билинди”.

Мурадилова компаниянын өкүлдөрү ага чакыруу кагазын көрсөтпөй, Екатеринбург шаарындагы виза борборуна жөнөтүшкөнүн айтты. Ал жакта сегиз күн жүрүп, жыйынтык болбой Москвага кайтып келген.

“Кайра кайтып келгенимде мага бул компания өз офисинен жумуш сунуштап, айлыгымды 250 миң рубль кылып берерин айтышты. Көрсө, алар атайы Борбор Азиядан баргандарды жумушка алып, элди алдоого ылайыкташып алган экен, аны кийин билдим. Полицияда арызыбыз катталганы менен майнап чыкпай жатат. Бул үй-бүлө Москвадан Екатеринбургга кетип, ошол жердеги жердештеримди, башка улуттун өкүлдөрүн дал ушундай кылып алдап жатканын уктук”.

"Иммигрейшн 365тин" сайтындагы маалыматка ылайык, компания 41 өлкөгө жумушчуларды жөнөтөт, туристтик визаларды алып берүү кызматын көрсөтөт. Андан тышкары Түштүк Азия, Скандинавия өлкөлөрүндөгү, АКШдагы жумуш берүүчүлөр менен тыгыз кызматташарын жазышкан. Айтылып жаткан нааразылык боюнча компаниянын өкүлдөрүнө телефон аркылуу байланышууга мүмкүн болгон жок. Социалдык тармактагы баракчаларында жазылган телефондор аркылуу байланышып, төмөнкүдөй кыска жооп алдык:

“Мен компаниянын Санкт-Петербург шаарындагы кеңсесинде отурам. Москвадагы кеңседе эмне болуп жатканын мен билбейм. Акчасын Москвага төлөп, анан бизге кайрылышат”.

Айзада Мурадилова айтып жаткан компаниянын Инстаграмдагы баракчасы.
Айзада Мурадилова айтып жаткан компаниянын Инстаграмдагы баракчасы.

Айзада Мурадилова кийин "Иммигрейшн 365тен" алдандым деген 150дөй адамдын арызын топтоп, чогуу аракет кылмай болушкан. Алардын бири 25 жаштагы Төлөгөн Мажитов 200 миң рубль акчасын алдатканын айтып берди.

"2019-жылы интернеттен "Второй паспорт" деген компания таап, аларга телефондон байланышсам, ваканттык орундар бар дешти. Мен ойлонуп көрөйүн дедим, анан эле пандемия башталып кетти. Кийин кайра байланышып, Чехияга жумуш сунуштаган. Аягында бул “Иммигрейшн 365” компаниясы болуп чыкты, алар "Второй паспорт" деген атты жамынып иштешет экен. Акчамды төлөп, даярдык көргөндөн кийин колума берген чакырууда Чехияга үч айга жөнөтөбүз дешти. Узарткыла десем, кошумча дагы 30 миң рубль төлөйсүң, бирок анда Литвага барасың деген. Литвадан да чакыруу келди деп, документтин мөөрү жок көчүрмөсүн колума карматты. Ошентип отуруп аягында 200 миң рублди жасалма документке короткон болдум".

Төрт апта мурун бул “Иммигрейшн 365” компаниясы Москва шаары жана облусу боюнча миграция борборунун аккредитациясынан өткөнүн, эми Араб өлкөлөрү, Африка жана Азия мамлекеттеринин жарандары үчүн Орусиянын аймагына кирүү үчүн жумушчу визаларды алып берүүгө акылуу болгонун жазып чыккан.

Айзада Мурадилова жана бир топ адамдар акчасын берген компаниянын берген документтери.
Айзада Мурадилова жана бир топ адамдар акчасын берген компаниянын берген документтери.

Элчилик нота жөнөтөт

Жумушка орноштурган компанияга алданганын айткан 150дөй жаран Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине да кайрылышкан. Элчиликтен "Азаттыкка" билдиргендей, компанияга буга чейин козголуп, кийин жабылып калган иш кайра жанданган.

"Элчилик маселени өз көзөмөлүнө алып, жарандардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча аракеттерди баштаган. Тактап айтканда, жабылып калган кылмыш иши кайра ачылды. Ошондой эле маселе дыкат каралуусу үчүн Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилиги тарабынан Орусиянын Тышкы иштер министрлигине нота жиберилүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү жарандардан мындай даттануулар түшпөгөнүн айтып, кыргызстандыктарды жумушка орноштуруу боюнча компанияларга акча берерден мурда ал ишкананын лицензиясын, мыйзамга ылайыктуу иштей турганын тактап алууга чакырат.

Алданбаш үчүн эмнеге көңүл буруу керек?

Чет өлкөгө жумушка орноштуруп иштеген кыргызстандык компаниясынын жетекчиси Данияр Муканбетов азыр алдап акча табууну көздөгөн ишканалар көп дейт. Ошол үчүн жарандар компания тандоодо анын Миграция кызматынын каттоосунан өткөнүн жана бир канча нерсени эске алышы керектигин эскертет.

Данияр Муканбетов
Данияр Муканбетов

"Алдамчы компаниялар камсыздандыруу, авиа билет алып берүү, консулдуктар менен байланышты жасай алышпайт. Алар бир гана жумуш таап бере алабыз деп алдайт. Эгер сиз бара турган өлкөгө документтериңизди даярдап, ошо шаардын чакыруусун, медициналык камсыздандыруу, камсыздандыруу, ишке чакыруусун ачык жасап, колуңузга мөөр басылган документтерди карматса, демек сиз туура ортомчу компания тандаган болосуз. Анан эки жуманын ичинде, бир айда эле виза алып бере салабыз деп акча сурашканы да болбогон иш. Виза алуу үчүн үч айдан алты айга чейин күтөсүң. Анын үстүнө Украинадагы соңку абалга байланыштуу Борбор Азиядан Европага жумушка барам дегендерге бөлүнгөн квотаны Европа кыйла кыскартып жиберген. Европага тил билбесең деле жумушка орношууга болот деген да жаңылыштык. Кара жумуш аткарыш үчүн деле базалык тил билүү шарт”.

Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу борбору былтыр 590 адамды Орусияга, 167 адамды Түштүк Кореяга меморандумдун негизинде жумушка орноштурган. Быйыл бул тизме Германия, Жапония жана Финляндия, Улуу Британия менен толукталып жатат. Айлыгына кызыккан кыргыз мигранттарын жалган маалыматтан коргоп, барган өлкөсүндө укуктарынын сакталышын камсыздоо үчүн жумушка орноштуруу борбору атайы маалымат сайтын иштеп чыккан. migrant.kg сайтында жакынкы жана алыскы өлкөлөргө жумушка орношуу боюнча маалыматтар турат.

Мындан сырткары 2020-жылы чет өлкөгө жумушка орноштурууну сунуштаган Кыргызстанда 73 жеке компания иш алып барса, 2021-жылдын этегинде алардын саны 117ге жеткен. Өткөн жылы алар 3254 адамды 12 өлкөгө ишке орноштурган. Алардын көпчүлүгү Түркиядагы ишканаларга жумушка орношкон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG