Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:36

Кыргызстандык мигранттар үчүн Жапонияга жол ачылды


Жапония. Токио.
Жапония. Токио.

Кыргызстандык 300 жаранды Жапонияга жумушка жөнөтүү боюнча келишим түзүлдү. Алар алгач үч жылдык мөөнөткө жөнөтүлүп, фабрикаларда иштешет.

14-июлда жарандарды жумушка жөнөтүү боюнча Кыргызстандын Эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо министрлиги менен Жапониянын KOBE International Trade Promotion Association ишканасы келишимге кол коюшту. Ага ылайык, Жапонияга жөнөтүлгөн 300 жаранга үч жылдан беш жылга чейин өндүрүш тармагында иштөөгө уруксат берилет.

"Жапониядан үйрөнгөнүмдү бул жакка алып келем"

21 жаштагы Ажара Маткеримова 2020-жылы Жапониянын Окинава аралына барып, бир жылдай окуп, иштеп келген. Ал жакта окуу менен жумушту айкалыштырууга мүмкүн экенин айтты.

“Күнүнө сегиз сааттан ашык эмес иштесе болот экен, айлыгың саатына 15-20 доллардын тегерегинде. Эгер жапон тилин мыкты билсең, сага айлыгы жогору жумуштарды сунушташат. Мен мейманканада иштедим. Жанымды сабап күнү-түнү баш көтөрбөй эмгектендим деп айта албайм. Жумасына эки күн дем аласың. Жапон калкы тазалыкты сүйгөндүктөн, мен болгону номерлердин тыкан, таза турганын текшерип турчумун. Биз алгач Бишкектен учуп, аэропортко конгондо жумуш берүүчүлөр өздөрү тосуп алышкан. Жаткан жерибиз, тамак-ашыбыздын баары бекер болду. Тапкан акчамды магистратурага жумшайм деп чогулттум. Эми кайра барам, себеби бул мамлекеттин өнүгүү темпи жогору турат, элинин сылык-сыпайылыгы да башкача. Мен ал жерден үйрөнгөнүмдү сөзсүз Кыргызстанга алып келем. Жапонияга баруу үчүн 300 доллардай коротком, бул акча документ даярдап, виза алганга кетти.”

"300 киши чек эмес"

Кыргызстандагы “Жапан стайл” жумушка орноштуруу компаниясынын негиздөөчүсү Мичинури Ётсухаши Жапониядагы жумуш берүүчүлөр менен сүйлөшүп, кыргызстандыктарды ишке тартууну сунуштаган. Ал бул жакта жапон тилин билген жаштар көп экенин, аларды Жапонияга жөнөтүү боюнча 2016-жылдан бери иш алып барып келгенин билдирди:

Мичинури Ётсухаши Кыргызстандагы “Жапан стайл” жумушка орноштуруу компаниясынын негиздөөчүсү
Мичинури Ётсухаши Кыргызстандагы “Жапан стайл” жумушка орноштуруу компаниясынын негиздөөчүсү

“Азыр Жапонияда эмгекке жарамдуу жаштар аз болгондуктан чет өлкөлөрдөн жумушчу күч тартууга кызыкдарбыз. Ошондуктан кыргызстандыктарды чакырып жатабыз. Ушул жылдын соңу, 2023-жылдын башы менен бара башташат. Алар Жапониянын ар аймагындагы фабрикаларда даяр тамактарды кутуларга салып, таңгактайт. Жумуш өтө деле оор эмес. Алган айлыгы барган аймагына жараша болот. Аңгемелешүүдөн өткөндөн кийин жумушка кабыл алып жаткан ар бир компания өз келишимин сунуштайт. Күнүнө 8 саат иштеп, жумасына эки күн дем алат. Орточо эсеп менен айлык 1200 долларды түзүшү мүмкүн".

Мичинури Ётсухаши жумушка жөнөтүүдө 300 адам чек эмес экенин, алдыда алардын саны көбөйүшү да мүмкүн экенин кошумчалады.

Жумушка кабыл алынгандардын жатакана, тамак-ашы, медициналык камсыздандыруу маселесин иш берүүчүлөр чечет. Алгач үч жылга жиберилип, мыйзамды сактап, жумушунда өзүн көргөзө алса, уруксат мөөнөтүн беш жылга узартса болот. Жумушка алынарда жапон тилин билүүсү сөзсүз талап кылынат. Жапонияга кетүүнү каалагандар алгач Эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо министрлигинин алдындагы жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борборуна кайрылып катталышы керек. Жумушка 20 жаштан жогорулар алынат, 40 жашка чейинки курактагыларга артыкчылык берилет.

Келишимде жапон тилин окутуу да каралган

Кыргызстандыктарды Жапонияга жумушка жөнөтүү боюнча келишим үч жактуу түзүлүп, ага Бишкектеги Ишеналы Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети да кирди. Окуу жайдын Жапон таануу институту аталган өлкөгө эмгек миграциясына барууну каалагандарга жапон тилин үйрөтөт. Институттун жетекчиси Айбек Самаровдун айтымында, фабрикаларда иштей тургандар 160 сааттык тил курсунан өтүшү керек.

Айбек Самаров
Айбек Самаров

“Азыр биздин студенттер, бүтүрүүчүлөр Жапонияда ийгиликтүү иштеп жатат. Бирок бул өлкөгө баруу жолдору кыйын болгондуктан үч тараптуу келишим түзүлдү. Жапониянын фабрикаларында иштейм дегендер Кыргызстандын Эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо министрлигинин алдындагы жарандарды чет өлкөлөргө жумушка орноштуруу борборуна кайрылып, анан бизге келиши керек. Биз жарым жыл тил үйрөтүп, андан кийин жумушка кабыл алып жаткан жапон компаниялары менен боло турган аңгемелешүүгө даярдайбыз. Азыр кайрыла берсе болот, тайпаларга бөлүп, тил үйрөтө баштадык”.

Ишеналы Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин Жапон таануу институту 2016-жылы ачылып, андан бери 500дөн ашуун адамды бул өлкөгө окууга, жумушка жөнөткөн.

"Финляндия менен да келишим түзөбүз"

Эмгек, социалдык камыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борборунун директору Кубандык Акматбеков учурда Түштүк Корея, Британия, Германия менен түзүлгөн келишимдер иштей баштаганын, эмгек мигранттарын Финляндияга жөнөтүү боюнча да иштер жүрүп жатканын маалымдады:

Кубандык Акматбеков
Кубандык Акматбеков

“Бардык шарттарды эске алуу менен бир катар мамлекеттерге кыргыз мигранттары үчүн жол ачууну караштырып жатабыз. Жакынкы арада эле биз Германиянын атайын программасы менен келишим түздүк. Анын негизинде квалификациясы бар 250 медицина кызматкери бул өлкөдө иштеп келет. 18 жаштан 35 жашка чейинки биздин жарандар тандоодон өтөт да немис тилин үйрөнүп, узак мөөнөттөгү ишке кетет. Алгач 6 айдан 1 жылга чейин, андан кийин 3 жыл иштеп, айына 3 миң доллар алып турат. Андан сырткары Финляндия менен жакынкы арада келишим түзөбүз. Бирок бул өлкөлөргө баруу үчүн тил билүү кажет. Ички макулдашуулардан кийин Германияга дагы башка эмгек мигранттарын жөнөтөбүз деп эки өлкөнүн министрликтери сүйлөшүштү. Бардык жараяндар бүткөндөн кийин жай айларында ишке орноштуруу башталат деп ойлоп жатабыз”.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда чет мамлекеттерде жумушка орноштуруу менен алектенген 117 жеке агенттик бар. Алар дүйнөнүн 20 өлкөсүндө жарандарды ишке орноштуруу боюнча кызмат көрсөтүшөт. Ушул жылы Түштүк Корея кыргызстандык жумушчулар үчүн 1 миң 800 квота бөлсө, Британия миң кыргызстандыкты иш менен камсыздоого даяр экенин кабарлаган.

"Мигранттарды эмес, жумуш орундарын көбөйтүү керек"

Эл аралык ишкердик кеңешинин төрагасы Аскар Сыдыков өкмөт жарандарды чет өлкөгө жумушка жөнөтүүнүн ордуна Кыргызстанда иш ордун түзүүгө басым жасашы керек деген пикирде. Бул үчүн ишкердикке эркиндик берип, тоскоолдуктарды жоюуну сунуш кылды.

"Эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо министрлиги өз жумушун туура эле аткарып жатат. Кеп биздин өкмөттө жана Экономика министрлигинде. Мисалы, 1990-жылдары өлкөбүздүн ички дүң өнүмү киши башына миң доллардын тегерегинде болчу, азыркы тапта 1300 доллар. Бул ошол жылдардан бери Кыргызстанда эч жылыш болгон жок дегенди билдирет. Коңшу Казакстандагыдай ички дүң өнүмдүн көлөмүн сегиз миң долларга жеткирсек, анда биздин жумушчу күч чет жакка иш издеп чыкпай, канчалаган балдар ата-энесин көрбөй чоңоймок эмес. Ошондуктан бизнеске тоскоолдуктарды азайтып, эркиндик берсе, ошол эле биздин ишканалар элди жумуш менен камсыздап, татыктуу айлык төлөп бергенге кудурети жетип калат. Болбосо ошол эле Англияга айыл чарба жумуштарына кетип жаткандардын ордун толуктап, биздин талааларда түшүм жыйноого киши калбай бара жатат".

Анткен менен экономист Элдар Абакиров экономикасы күчтүү өлкөлөрдө мигрант болууга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатканын жакшы тенденция катары баалады.

Элдар Абакиров
Элдар Абакиров

“Америкада 20 миңден ашык, Түркияда 20-25 миң, Кореяда 5 миң, Италияда 3-5 миң. Кыскасы, Орусиядан башка өлкөлөрдө 200-300 миңге чейин мекендешибиз бар. Азыр Орусиядан кайтып келип жаткан кыргыздар көп. Алардын айтымында, таксиге түшкөн кардарлар азайып кеткен. Британияга, Түштүк Кореяга, Германияга, Жапонияга деп жолдор ачылып жатышы жакшы тенденция. Себеби бул өлкөлөрдүн экономикасы күчтүү, жакшы жумуш орундары бар. Эгер биздин өкмөт бир жыл жакшы иштеп, Европа өлкөлөрү менен келишимдерди көбөйтсө, Орусияда жүргөн мигранттардын үчтөн бир бөлүгүн башка өлкөлөргө адаптация кылса болот. Мигранттар да буга даяр болуп, тил үйрөнүп, бара турган өлкөлөрдүн мыйзамдары менен таанышуусу зарыл. Анан эң негизгиси – бизден барган мигранттар чоң тажрыйба менен келет. Маселен, эң алдыңкы технологиялар Америка, Жапония, Европа өлкөлөрүндө. Демек, бул биздин мигранттардын да көз карашын өзгөртүп, өз өлкөсүндө көргөнүн ишке ашырууга көмөкчү болот”.

Соңку расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын 1 миллион 118 миң жараны чет өлкөдө иштеп жүрөт. Алардын бир миллиондон көбү Орусияда, жүз миңдейи Казакстанда.

Мигранттарды Жапонияга тартуу келишими түзүлдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:26 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG