Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:47

Түркия: мигранттарды санаага салган жаңы чектөө


Стамбул шаары.
Стамбул шаары.

Түрк бийлиги 1-июлдан тарта чет өлкөлүктөр жыш жашаган 1200 мааледе мигранттарды каттоо токтой турганын эскертти. Калган райондордогу чет элдиктер жергиликтүү тургундардын cанынын 20 пайызынан ашпашы керектиги айтылды.

Анкара чет өлкөлүктөрдү каттоону чектейт

11-июнда Түркиянын ички иштер министри Сүлейман Сойлу чет элдиктердин саны жергиликтүү тургундардан көп болгон жерлерде мигранттарды туруктуу жашоого каттоо токтотулганын билдирди.

"Өлкөнүн айрым аймактарында чет элдиктердин топтолуп жашоосуна жол бербөө үчүн сырттан келгендер жергиликтүү калктын санынын 25 пайызынан ашкан 781 мааледе каттоо токтотулду. 1-июлдан баштап бул көрсөткүч 20% түшөт. Ошентип, болжол менен 1200 мааледе чет өлкөлүктөр каттоого алынбайт".

Сүлейман Сойлу шаарлар ортосунда жүргүнчү ташыган такси айдоочуларына чет өлкөлүктөрдүн документтерин текшерүү укугу берилгенин ырастады.

"Мыйзамсыз жүргөн мигранттарды бир облустан экинчисине ташууда эч ким ортомчу болбошу керек. Ошондуктан биз бүгүнтөн тарта ушундай милдетти койдук. Автобуска билет сатып алууда ушундай эреже бар. Ага баш ийбегендер жазаланат".

Түркиянын булуң-бурчунда мыйзамсыз жүргөн мигранттар тыкыр текшерилип жатканын түрк маалымат каражаттары маал-маалы менен кабарлап турат. Былтыр Стамбул аймактык миграция башкармалыгы 72 миңдей мигрантты сот жообуна тарткан. Алардын 23 миңдейи өз мекенине депортация болсо, калган 40 миңдейи өлкөнүн башка облустарындагы убактылуу кармоочу жайларга жөнөтүлгөнү айтылат.

"Түркиянын миграция саясаты өзгөрүүдө"

Миграция боюнча серепчи Мурат Эршахин Сирия жана Ооганстандагы согуштан качып Түркияга кирген качкындардан улам Анкара миграция саясатын өзгөртүүгө мажбур болуп жатканын"Азаттыкка" айтты.

Мурат Эршахин түркмөнстандык мигранттар менен.
Мурат Эршахин түркмөнстандык мигранттар менен.

"Түркиянын миграция саясаты өзгөрүүдө. Сириядагы, Ооганстандагы согуштан улам өлкөгө кирген качкындардын көптүгүнө жергиликтүүлөр нааразы. Эми Түркияга кайсы мамлекеттен келбесин, айрым аймактар чет өлкөлүктөр үчүн жабылат деп уктук. Андыктан мигранттар эми Түркияда мыйзамдуу жол менен гана жашап, иштегенге мажбур", - дейт серепчи.

Жергиликтүүлөрдүн сириялык качкындарга нааразылыгы былтыр августта өзгөчө күч алган. Анда баш калаа Анкаранын Алтындаг районунда сириялыктар менен жергиликтүүлөр мушташып, 18 жаштагы түркиялык жигит каза болгон. Окуядан кийин аймакта кырдаал курчуп, сириялык качкындардын дүкөндөрү ташбараңга алынган.

Ал эми президент Режеп Тайып Эрдоган 9-майда өлкөдө мыйзамсыз жашаган бир миллион сириялык качкындын өз ыктыяры менен мекенине кайтуусуна шарт түзө турган жаңы долбоордун үстүндө иштеп жатканын билдирген. Сириянын түндүгүндө баш калкалаган качкындар үчүн кеминде 100 миң чакан үй куруу максатын да айткан.

Ал арада түрк медиасында мыйзамсыз жүргөн ооганстандык жана сириялык качкындар мекенине депортацияланып жатканы тууралуу маалыматтар көп чыга баштады. Өзгөчө Стамбул жана Анкара баштаган ири шаарларда жашаган чет өлкөлүктөрдүн документтери тыкыр текшерилип, кармалгандардын көпчүлүгү оогандыктар жана сириялыктар экени белгилүү болгон.

Сирияда 2011-жылы жарандык согуш башталгандан бери жүз миңдеген качкындар Түркия аркылуу Европа өлкөлөрүнө кирүүгө аракет кылып келет.

Жаңы эреже кыргызстандык мигранттарга да тийиштүү

Министр Сойлу өткөн жумадагы кайрылуусунда быйыл 10-февралдан тарта Түркияда туристтик виза менен жашаган чет өлкөлүктөрдүн уруксаты узартылбай турганын да кабарлады. Кыргызстандык мигранттардын көпчүлүгү бир жылдык туристтик виза менен келип, Анкара, Стамбул, Анталия сыяктуу шаарларда эмгектенет.

Анталияда иштеген Жаңыл түрк бийлигинин жаңы эрежелери кыргызстандык мигранттарга да түйшүк жаратканын айтты.

"Мен үч жылдан бери Кыргызстанга бара элекмин. Буга чейин жыл сайын туристтик визамды узартып иштеп жүрчүмүн. Майда кайра визамды узартканы берсем, алты айга эле берип койду. Кээ бир кыргыз кыз-келиндердикин такыр эле узартпай, виза бербей жатыптыр. Азыр ушундай тоскоолдуктар жаралып, Кыргызстанга кетсемби деген да ой келип жатат".

Анталияда иштеген дагы бир кыргызстандык Чынара виза талаптарын так аткарганы менен документтер үчүн кыйла эле акча коротконун айтты.

"Кызым экөөбүздүн документтерибизди апрелдин аягында тапшыргам. Виза бир жумада эле чыкты. Бирок медициналык камсыздоого 2 миң, документтерге да 2 миң лирадай акча кетти. Бул өтө кымбат. Ошентип визам бир жылга узартылды. Бирок мени менен чогуу тапшыргандарга алты айга эле виза берип коюшуптур".

Миграция маселесин иликтеген түркиялык серепчи Эйүп Топрак виза алуу жараянында жаңы кирген эрежелер жыл башынан бери бекем тартипте иштеп жатат дейт.

"2022-жылдан тарта туруктуу жашоого уруксат алам дегендерге виза чыкпай жатат. Ал эми туристтик визаны каалагандарга "Түркияда кандай максатта жашап жатасың?" деген суроого так жооп берүүсүн талап кылышат. Алты айга виза берип койгон учурлар көп болууда. Мунун баары өлкөгө агылып келген качкындарды чектөөнүн амалы. Негизинен сириялык жана ооганстандыктар тыкыр текшерилип жатат. Азырынча борбор азиялык мигранттарга талап күчөй элек".

Ал ортодо Түркиянын экономикасы кыйын кезеңге туш болуп, соңку 24 жылдан бери инфляция эң жогорку чекке жетти. Мамлекеттик статистика комитетинин маалыматына ылайык, май айында инфляциянын жылдык көрсөткүчү 73,5% болду. Көз карандысыз изилдөө борборунун маалыматында бул сан 160% ашып кетти.

Быйыл 1 млн. 200 миңден ашык чет өлкөлүк Түркиянын Миграция департаментинен каттоодон өткөн. Мигранттардын 25 миңге жакыны кыргызстандыктар. Алардын үч миңге жакыны гана эмгек визасын алган. Көпчүлүгү бир жылдык туристтик виза менен Анкара, Стамбул, Анталия сыяктуу шаарларда иштейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG