Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:58

Түркияда мигранттарды текшерүү күчөдү


Стамбул шаары.
Стамбул шаары.

Соңку күндөрү түркиялык басылмалар өлкөдө мыйзамсыз жүргөндөр мигранттарды "тазалоо" иштери башталганын жазып жатат. Түрк полициясы өткөн аптада рейд учурунда өлкөдө мыйзамсыз жашаган ондогон өзбек жаранды камакка алганы айтылууда.

Стамбул шаарынан депортацияланган өзбекстандык Дилшод Ахмедов калаанын Тузла районундагы убактылуу кармоочу жайда элүүдөн ашык мекендештерин көргөнүн "Азаттыктын" өзбек кызматына билдирди. Ал өткөн апта "Түркияда туруктуу жашоого уруксаты жок болгону" үчүн кармалган.

"Бизди колубузга кишен салып, 18 саат автобуста алып барышты. Арабызда алтымыш жаштан ашкандар да бар болчу. Эки айдан бери ошол кармоочу жайда жаткан өзбектер да бар экен. Баарыбызды бир бөлмөгө камашты. Шарттары өтө оор, адам чыдагыс. 24 саат бою ачка болгон күндөр болду. Өзбекстандын жарандарына кысым күч алууда. Алар бизге кылмышкерлерден да жаман мамиле кылышты. Мен Өзбекстандын элчилигинен ал жакта калган мекендештерибизге көңүл бурууну суранам".

24 жаштагы Дилшод Ахмедов Түркияга тогуз ай мурун келгенин, виза мөөнөтү бүтсө дагы Өзбекстанга кайта албай калганын кошумчалады.

"Мен Стамбулда кагаз чыгарган заводдо иштечүмүн. Өзбекстанга кайра барсам жумуш жок. Мени менен иштеген өзбектердин баары мыйзамсыз жүрүшчү. Кийин аларды да полиция алып кеткенин билдим”.

Измир шаарындагы миграция департаменти.
Измир шаарындагы миграция департаменти.

Ал эми Өзбекстандын Хорезм шаарынан Стамбулга келип иштеп жүргөн Азамат Матжанов да соңку күндөрү күч кызматкерлери көзөмөлдү күчөттү дейт.

"Көптөгөн өзбектер үй кызматтарында иштешет. Түркияда аларга үч айга чейин визасыз мөөнөт бар. Бирок полиция алардын үйүнө кирип, кармап кетип жатат. Мени үч таанышымды кармап, депортация кылышты".

Өзбек мигранттардын өлкөдөн чыгарылып жатышы жана аларга карата катаал текшерүү боюнча дооматтарга Стамбул полициясынан комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Ал ортодо Стамбулда жашаган, ысымын айткысы келбеген өзбекстандык журналист Өзбекстандын Анкарадагы элчилиги Малатия шаарында абактагы мекендештердин абалы тууралуу кабардар экенин "Азаттыкка" билдирди.

"Бул маселе боюнча Өзбекстандын Стамбулдагы консулдугуна кайрылсам, алар бул боюнча Анкарадагы элчилик иштеп жатканын, Түркиянын Миграция кызматына кат жазышканын жана өзбек жарандарынын тагдырына кайдыгер эместигин айтышты. Консулдуктун өкүлдөрү да Өзбекстандын жараны кармалып, камакка алынса телефон аркылуу байланышууга мүмкүнчүлүк бар экенин эскертти".

Мигранттар көп, экономикалык абалы начар

Түркияга барган өзбек жарандары 90 күн визасыз жүрө алат. Бирок ал мөөнөт өткөн соң туруктуу жашоого уруксат же эмгек визасын алууга милдеттүү.

Түркия өзбек эмгек мигранттары жашаган төрт өлкөнүн сап башында турат. Өлкөдө элүү миңден ашык өзбекстандык расмий катталган. Ал эми мыйзамсыз иштеп жүргөндөрдүн саны мындан эки эсе көп экени айтылып келет.

Ысымын жашырган өзбекстандык журналисттин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, келерки жылы өтө турган президенттик шайлоо алдында Түркияда мыйзамсыз чет өлкөлүктөргө кысым күч алды.

"Өлкөдө 10 миллионго жакын сириялык качкын бар. Ооганстан, Пакистандан качып келгендер да көп. Азыр Украинадан, Орусиядан мигранттардын агымы бар. Ошондой эле Түркияга иштегени келген өзбектердин саны көбөйдү. Бир жагынан экономикалык таңкыстык кыйнап, лиранын куну түшүп, баалар көтөрүлдү. Турак жайдын баасы кымбаттады. Буга жергиликтүү эл нааразы".

Түркиядагы "Өзбек биримдиги" коомунун жетекчиси Адем Чевик болсо мигранттарды тыкыр текшерүүсүз депортациялоо гуманитардык принциптерге каршы келерин билдирди.

"Алар Түркияда конок. Алардын кармалышы же депортацияланышы биздин өлкө үгүттөгөн гуманитардык принциптерге туура келбейт. Эгерде алар жаман ниет менен келсе, же террордук уюмдарга мүчөлөрү болсо, камашсын. Жакшы ойдо келгендердин абалын иликтеп чыгуу керек".

Адем Чевик ошондой эле полициянын катаал мамилесине кабылган мигранттар сотко кайрылууга укуктуу экенин кошумчалады.

Ал эми Стамбулда жашаган өзбек журналист Ташкент менен Анкара эмгек миграциясы боюнча келишимдерди кайра карап чыгышы керектигин эскертет.

"Түркия сериалдагы Түркия эмес. Тааныштарынан угуп келгендер кийин мыйзамсыз жашап жүрө беришет. Заводдордо 8-9 сааттан иштешет. Түрк тилин билбейт, анан кыйынчылыкка кабылат. Өзбекстанда жумушсуздук жоюлмайынча, Түркияга келгендердин саны азайбайт. Муну дипломатиялык жол менен гана жөнгө салуу керек".

Дүйнөдө эң көп качкындар жашаган өлкө

Жакында эле Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган өлкөдө мыйзамсыз жашаган бир миллион сириялык качкындын өз ыктыяры менен мекенине кайтуусуна шарт түзө турган жаңы долбоордун үстүндө иштеп жатканын билдирген. Сириянын түндүгүндө баш калкалаган качкындар үчүн кеминде 100 миң чакан үй курууну максат кылгандарын да белгиледи.

Режеп Тайып Эрдоган.
Режеп Тайып Эрдоган.

Анын качкындар тууралуу айткан мындай билдирүүсүн утурлай, түрк маалымат каражаттарында мыйзамсыз жүргөн ооганстандык жана сириялык качкындар мекенине депортацияланып жатканы тууралуу маалыматтар байма-бай чыга баштады. Өзгөчө Стамбул жана Анкара баштаган ири шаарларда жашаган чет өлкөлүктөрдүн документтери текшерилип, кармалгандардын дээрлик көпчүлүгү ооган жана сириялык экени айтылып жаткан.

Түркиянын Миграция департаментинин маалыматына ылайык, учурда бул өлкөдө төрт миллион качкын баш калкалайт. Анын 3 млн. 700 миңи сириялыктар. Өлкөдө жалпысынан 5,5 миллион чет өлкөлүк расмий каттоодон өткөн. Алардын 1 млн. 400 миңи туруктуу жашоого уруксат алган мигранттар экени аныкталды.

Былтыр Стамбул аймактык миграция башкармалыгы тарабынан 72 миңдей мыйзамсыз мигрант сот жообуна тартылган. Алардын 23 миңдейи өлкөлөрүнө депортацияланса, калган 40 миңдейи өлкөнүн башка облустарындагы убактылуу кармоочу жайларга жөнөтүлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG