Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:58

Финляндия, Швециянын НАТОго кирүү аракети, Анкаранын каршылыгы


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Түркия Финляндия менен Швециянын НАТОго кирүүсү боюнча сүйлөшүүлөргө бөгөт койду. Түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган "Хельсинки менен Стокгольм террорчулардын уюгу" деп айыптады. Жо Байден "эки өлкөнүн мүчөлүгүн толук колдоорун" билдирди.

НАТО: Түркия сүйлөшүүлөргө бут тосту

Түндүк атлантикалык аскердик альянстын (НАТО) мүчөлөрүнүн бири Түркия мурдагы позициясында туруп, Финляндия менен Швецияны НАТОго кабыл алуу боюнча сүйлөшүүлөргө бөгөт койгонун немистердин DPA маалымат агенттиги жазып чыкты.

Түркия сүйлөшүүлөр учурунда эки өлкөнү бул уюмду коомчулук алдында айыптоосун талап кылды. Financial Times басылмасы жазгандай, Анкара мындан сырткары Швеция террорчулукка шектелген 30 адамды экстрадициялашы керек деди.

Режеп Тайып Эрдоган.
Режеп Тайып Эрдоган.

Бейшембиде Эрдоган аскердик бирикмеде "террордук уюмдардын" да болушу кооптуу деп сыпаттады.

"НАТО коопсуздук уюму. Биз мындай коопсуздук уюмунда террордук топтордун болушун кабыл ала албайбыз. Эгерде бир мүчө “жок” деген добуш берсе, ал өлкө НАТОнун курамына кабыл алынбайт. Азыр бизди бул эки өлкө гана тынчсыздандырат. Баарынан маанилүүсү, Швеция - террорчулардын уюгу" .

Ал ошондой эле "Биз Орусияга да, Украинага да тең салмактуу саясат жүргүзүп жатабыз жана мен бул жагынан Путин менен да, Зеленский менен да байланышты үзүүнү көздөбөйм" деди.

Эрдоган НАТОго Финляндия менен Швецияны кабыл алууга каршы экенин 13-майда жарыялап, Швецияны "террордук уюмдарды көбөйтүүдө" деп айыптаган. Стокгольм бир топ күрд тектүүлөргө башпаанек берген. Анкара аларды терроризмге айыпталган "Күрддөрдүн жумушчу партиясы" менен байланышы бар деп эсептейт.

18-майда Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар Анкара Косовонун НАТОго жана Европа Биримдигине мүчөлүгүн колдой турганын билдирди. Акар косоволук кесиптеши Арменд Мехажды менен Анкарада жолукканда Приштинага аймактык жана эл аралык уюмдарда колдоо көрсөтөрүн билдирди.

Скандинавиядагы эки өлкөнүн максаты

Буга чейин АКШ президенти Жо Байден Финляндия менен Швециянын Түндүк атлантикалык бирикмеге кошулуусун чечкиндүү түрдө колдой турганын айтып, бул тез арада ишке ашат деп үмүттөнгөн эле.

Финляндиянын президенти Саули Ниинистё, АКШнын президенти Жо Байден жана Швециянын премьер-министри Магдалена Андерссон. Вашингтон, АКШ. 19-май, 2022-жыл.
Финляндиянын президенти Саули Ниинистё, АКШнын президенти Жо Байден жана Швециянын премьер-министри Магдалена Андерссон. Вашингтон, АКШ. 19-май, 2022-жыл.

Бейшембиде Вашингтондо Байден фин жана швед лидерлери менен жолукту. Ал Стокгольм менен Хельсинкинин НАТОго мүчөлүгүн толугу менен колдой турганын билдирди. Президенти Саули Ниинистё айткандай, Финляндия Түркиянын коопсуздук маселелерин талкуулоого даяр.

"Биздин мүчөлүгүбүз тез арада бекийт деген үмүттөбүз. Түрк бийлиги айрым тынчсызданууларын билдирди. Финдер түрктөр менен ар дайым жакшы мамиледе болгон. Түркиянын коопсуздугун колдойбуз. Терроризмге каршы күрөшүбүз уланат. Түркиянын тынчсыздануусун талкуулоого даярбыз. Бул сүйлөшүүлөр буга чейин болгон жана жакынкы күндөрдө да улантылат".

Швециянын премьер-министри Магдалена Андерссон да Түркия баш болгон бардык НАТОдогу союздаштары менен жолугушууга даяр экенин билдирди.

Түркиянын каршылыгы

Түркия 1952-жылдан бери НАТОго мүчө. Анкара 1999 жана 2004-жылдары постсоветтик өлкөлөрдүн аскердик бирикмеге кошулуусун да колдогон.

Анкара Скандинавиядагы эки өлкөнү "террордук уюм" деп саналган "Күрд жумушчулар партиясы", же болбосо PKK тобуна колдоо көрсөтөт деп айыптайт. Бул топту АКШ, Евробиримдик жана Британия "террордук уюм" катары сыпаттаган.

Түрк армиясы күрддөрдүн жикчил топторуна каршы дээрлик 35 жылга созулган кармашта PKK тобунун Ирактын түндүгүндөгү базаларын бутага алып келет.

Анкара Швециядан 21 кишини жана Финляндиядан 12 кишини экстрациялоону талап кылган. Андан тышкары курал экспортуна чектөөнүн алынышын каалайт. Түркия 2019-жылы Сирияга басып киргенден кийин дал ушул эки өлкө Анкарага сырттан курал-жарак алууга эмбарго киргизген.

Швеция жана Финляндия элчилеринин арыздарын тапшыруу учуру, Брюссель. 18-май, 2022-жыл.
Швеция жана Финляндия элчилеринин арыздарын тапшыруу учуру, Брюссель. 18-май, 2022-жыл.

18-майда Швеция жана Финляндиянын элчилери Брюсселде НАТОнун Баш катчысы Йенс Столтенбергге аскердик блокко кошулуу үчүн арыздарын тапшырды. Баш катчы аларды кабыл алуу жараяны ыкчамдатылган тартипте жүрөт деп үмүттөнөрүн белгиледи.

Орусия Украинага кол салгандан кийин эки өлкө тең салттуу нейтралитет макамынан баш тартып, НАТОго кирүүнү чечкен. Ага кирүү үчүн альянстын мүчө мамлекеттеринин баары бир добуштан колдошу керек.

НАТО (Түндүк атлантикалык аскердик уюм) 1949-жылы АКШны жана Европаны СССРдин таасиринен коргоо үчүн түзүлгөн. Алгач 12 мамлекет кирген. Учурда 30 мамлекет мүчө.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG