Америка Кошмо Штаттарына барып, жаңы турмуш баштайбыз деп кыялданган ондогон жаран Бишкектеги “Грин Лайт компани” аттуу компанияга виза үчүн алды 5, арты 16 миң долларга чейин берген. Түркия, Молдова, Украинада айлап виза күтүп жатышып, акыры алданганын билгендер Кыргызстанга кайтып келип, милицияга арыз жазган. 22-июнда Ленин райондук соту компаниянын башында турган шектүүнү бир айга үй камагына алды.
Америкага барам деп алдангандар
АКШга барып, жаңы турмуш баштайбыз деп кыялданган ондогон жаран Бишкектеги “Грин Лайт компани” деген компанияга виза үчүн алды 5, арты 16 миң долларга чейин берген. Түркия, Молдова, Украинада айлап виза күтүп жатып, акыры алданганын билгендер Кыргызстанга кайтып келип, милицияга арыз жазган. 22-июнда Ленин райондук соту компаниянын башында турган шектүүнү бир айга үй камагына алды.