Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:59

Казакстан аскер күчүн чыңдоого киришти


Казакстандын аскерлери машыгууда.
Казакстандын аскерлери машыгууда.
  • "Азаттыктын" казак кызматынын сайтына жарыяланган Ельнур АЛИМОВАнын макаласы.

Орусия Украинага бастырып киргенден бери Казакстан коргонуусун чыңдап, тышкы саясатын кайра карап чыгууда. Эми Түркия, Кытай жана АКШ менен алакасын бекемдей баштады деп жазды ушул аптада Батыштын бир катар ЖМКлары. Чет өлкөлүк басма сөздө Борбор Азия өлкөлөрүнүн интеграциялашуусуна болгон тоскоолдуктар да талкууга алынып жатат.

Согуштун таасири жана “кайра кароо”

Казакстан жана Борбор Азиянын башка өлкөлөрү Орусия Украинага бастырып киргенден кийин Москва менен болгон мамилесин өзгөртүштү деп жазат америкалык Wall Street Journal гезити.

СССР урагандан кийин Москва постсоветтик республикалар менен экономикалык жана аскердик бирликтерди түзүп, Борбор Азиядагы өзүнүн ролун сактап калууга далалат кылып келген эле. Мында мунайга бай, жеринин кеңдиги Батыш Европага тете дегидей Казакстандын ролу өзгөчө. Оруссиянын аскердик баскынчылыгы кырдаалды өзгөрттү деп жазат гезит.

“Казакстандык азыркы жана мурдагы кызмат адамдары, мыйзам чыгаруучулар жана талдоочулар берген маектерге караганда, бул өлкө өзүнүн тышкы саясатындагы Орусиянын артыкчылыктуу абалын кайра карап, АКШ, Түркия жана Кытай сыяктуу өлкөлөр менен болгон алакасын күчөтүүгө өттү”, - деп айтылат макалада.

Макаланын автору Эван Гершкович Борбор Азия өлкөлөрүнүн бейтарап туруму, Орусиянын Украинага бастырып кирүүсүнө колдоо көрсөтпөгөнү жана Москвадан улам барган сайын оолактап жатышы АКШнын бул аймактагы соңку жылдары солгундап калган таасирин калыбына келтиришине мүмкүндүк берет деп эсептейт.

Акыркы төрт айда АКШнын өкүлдөрү Борбор Азияга келип жатышат. Апрелде бул жакка мамлекеттик катчынын адам укуктары боюнча орун басары Узра Зея майдын аягында Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстанга АКШ мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дональд Лу келди. Июнда бул өлкөлөргө АКШнын Башка кол башчылыгынын жаңы жетекчиси, аскер генералы Майкл Эрик Курилла келип кетти.

Батыш Орусияга каршы санкцияларды киргизгенден кийин казакстандык кызмат адамдары соода жолдорун кеңейтүү жөнүндө ойлонуп калышты. Согуш башталгандан бир нече апта өткөндө Казакстандын расмий өкүлдөрү Грузия жана Азербайжанга аттанып, ал жакта Кытайдан Европага карай Борбор Азия, Кавказ жана Түркия аркылуу өтүүчү Транскаспий коридорун иштетүү жөнүндө талкуулашты.

Түркиянын тышкы иштер министринин мурдагы кеңешчиси жана Азия-Тынч океан изилдөө борборунун деректири Селчук Чолокоглу мурун Борбор Азия, Кытай жана Түркия “Орусиянын ачуусун келтирбеш үчүн” бул соода багытына олуттуу көңүл бурбай келишкен эле дейт. Анын сөзүнө караганда, Орусиянын Украинага бастырып кириши аймактагы өлкөлөргө “кайрат берди” да, Кытай менен Түркиянын Орусияга “сес көрсөтүүсүнө” түрткү болду.

Америкалык басылмада айтылгандай, көп жылдар бою Москва менен Бээжин Борбор Азиядагы таасир чөйрөсүн тымызын талашып келишкен эле. Орусия коопсуздукка жооптуу болсо, Кытай экономиканы өнүктүрүп келди. Бирок азыр жагдай өзгөрүп жатат.

Апрелдин аягында Кытайдын улуттук коргонуу министри Вай Фэнхе Казакстанга келип, президент Касым-Жоомарт Токаев менен жолугушкан болчу. Бээжиндин маалыматына ылайык, тараптар аскердик кызматташууну бекемдөө жөнүндө макулдашкан эле. Казакстан НАТОго мүчө болгон Түркия менен да алакасын чыңдоого умтулуп келет. Токаев май айынын башында Анкарага барганда тараптар Казакстанда учкучсуз учактарды өндүрүү боюнча келишимге кол коюшту.

Мындан тышкары, Казакстан өзүнүн коргонуу бюджетин 441 млрд. теңгеге, б.а. 918 млн. долларга арттырды.

“Жогорку даражалуу кызматкердин айтканы боюнча, бул акчанын бир бөлүгү Казакстандын аскердик камдарын арттырууга жумшалат. Бул өлкө Украинанын айыгышкан каршылыгынан сабак алды. Демейки согуш аракеттери менен айкалышта колдонулуучу кибер чабуул, маалыматты бурмалоо жана шайлоого кийлигишүү сыяктуу ыкчам жана аралаш согушта кыйла ийкемдүү жана иш билги болуу үчүн армиясын реформалоого тийиш экенин түшүндү”, - деп жазылган ал макалада.

Батышта Украинадагы согуш орус армиясынын чабалдыгын көрсөттү дешсе да, Борбор Азиядагы кызмат адамдарынын бири бул басылмага берген маегинде Москванын айбатынан коркуп турабыз деди. Аймакта “Эми биздин кезекпи?” деген суроо көп угулууда деди кызмат адамы.

Нур-Султан Батыш менен жакындашууга умтулууда

Modern Diplomacy басылмасындагы “Аюунун кучагынан кутулуу” деген макалада Казакстандын Орусиядан оолактап, Европа жана АКШ менен мамилесин чыңдоого аракеттенип жатканы жөнүндө жазылган. Автор, Раджатнам эл аралык изилдөө мектебинин улук илимий кызматкери Жеймс Дорси Казакстан Январь окуяларынан жана Украинадагы согуштан сабак алып, коргонуу ишканаларын куруп, курал-жарак сатып алуудагы Орусиядан көз карандылыгын азайтууда деп белгиледи.

Новороссийск сотунун Каспий куур концорциумун иштетүүнү токтотуп коюу жөнүндөгү чечиминен кийин Токаев мунай ташууну ыкчамдатуу жөнүндө маселени койду. Дорси жазгандай, “Токаев Еврошериктештик Казакстанга альтернативдүү жолдорду”, мунун ичинен “Орусияны аралабай эле Борбор Азия, Кавказ жана Түркия аркылуу өтө турган Транскаспий эл аралык коридорун да ачуу жагынан көмөктөшөт деп үмүттөнөт”.

Европа Борбор Азияга өзгөчө көңүл буруп жатат. Вашингтон да бул аймакка көбүрөөк көз салууда деп жазылган бул макалада.

“Вашингтондун саясаты Орусиянын таасирин басаӊдатууга жага Путиндин ишин оорлотууга багытталган. Ошондуктан Кытайдын да, Орусиянын да таасирин чектөө үчүн Казакстанга Москванын көзөмөлүндөгү куурлардан көз карандылыгын азайтуу, анын экономикасын реформалоо жана Борбор Азиядагы кошуна өлкөлөр менен биргелешүүсү жагынан көмөктөшүү жакшы натыйжага жеткириши мүмкүн”, - деп бул басылма Wall Street Journal’дын серепчиси Уолтер Рассел Миддин сөзүн келтирет.

Актау порту — Кытайдын Орусияга бурулбай эле Борбор Азия, Кавказ жана Түркия аркылуу Европага туташуусуна мүмкүндүк бере турган Транскаспий коридорунун бир тогошу.
Актау порту — Кытайдын Орусияга бурулбай эле Борбор Азия, Кавказ жана Түркия аркылуу Европага туташуусуна мүмкүндүк бере турган Транскаспий коридорунун бир тогошу.

Москва менен болгон мамиленин оорлошуусуна карабастан Казакстан Орусия августта Кытайды, Иранды, Индияны, Өзбекстанды, Азербайжанды жана Арменияны чакырып өткөрмөкчү болгон эл аралык оюнга катышуудан баш тарткан жок.

Орусия Борбор Азияны көз жаздымда калтырган жок деп ишарат кылуу үчүн өткөн айда Путин Тажикстанга (мында орусиялык аскер базасы жайгашкан) жана Түркмөнстанга (мында Каспий боюндагы мамлекеттердин башчыларынын саммити болгон, Токаев да катышкан) келди.

Автор Жеймс Дорси өзүнүн макаласында америкалык эксперт Пол Гоблдун Казакстан менен Орусиянын ортосундагы кайым айтышуу жакын арада күчөйт деген пикирин келтирди:

“Москва, албетте, Казакстанды тизгиндеш үчүн куурду көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн, үгүт күчтөрүн жана Кытай менен болгон алакасын пайдаланат. Ага жооп кылып Нур-Султан өлкө ичинде кыйла улутчул маанайдагы саясатын жүргүзүп, Батыш менен болгон мамилесин бекемдешке умтулушу ыктымал”.

Борбор Азиядагы биргелешүүгө эмне тоскоол болууда?

“Голос Америки” үналгысы өз ара кызматташууга умтулса да Борбор Азия өлкөлөрүнүн интеграциялашуу жөнүндөгү кыялы эмне үчүн орундалбай калып жатканын талдоого алды.

Кыргызстандын 21-июлдагы Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчыларынын жолугушуусунда Тажикстан менен Түркмөнстандын президенттери Борбор Азияны өнүктүрүү максатында түзүлгөн достук, кошуначылык жана кызматташуу жөнүндө келишимге кол койгон жок. Мунун себебин ички жол-жоболорду жөнгө салуу зарылдыгы менен түшүндүрүштү. Келишимге Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын башчылары кол коюшту.

Эл аралык тынчтыкты жактаган Карнеги фондунун илимий кызматкери Тмур Умаровдун пикиринде, келишимге үч мамлекеттин кол койгону деле жакшы жышаан болуп саналат да, “туура багытка жылыш бар экенин” билдирет.

“Саясий лидерлер жок дегенде аймактын келечегин биргелешип ойлонууга кызыгып жатышат. Бир нече жыл мурун ушунчалык өзгөрүү да жок болчу”, - дейт Темур Умаров.

АКШдагы Жорж Вашингтон университетинин Борбор Азия боюнча программасынын деректири Марлен Ларюэль бул аймактын мамлекеттери кызматташууга умтулуп жатса да, интеграция жөнүндө сөз кылууга азыр эртелик кылат деп эсептейт.

“Биримдик түзүү мүдөөсү азырынча ишке ашпайт. Анткени өз ара ишенбөөчүлүк сезилип турат”, - дейт ал.

Марлен Ларюэль интеграцияга мамиледеги айырмачылык жана түмөндөн жогору карай дем берүүчү күчтүн жоктугу тоскоолдук кылат деген оюн айтты.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчылары Чолпон-Атада. 2022-жыл, 21-июль.
Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчылары Чолпон-Атада. 2022-жыл, 21-июль.

Өзбекстандын эксперт Анвар Назир интеграцияга жагынан аймактагы өлкөлөрдүн Москвага жана Бээжинге көз каранды экендиги кедерги болуп жатат деген пикирде.

“Лидерлери бул күчтөрдөн коркуп, алардын колдоосуна таянып турган кезде Борбор Азия көз карандысыз аймак болбойт”, - дейт Назир.

Макаланы орус тилинде бул жерден окуңуз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG