Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:09

Борбор Азиядан Орусияга ташылган доллар


Доллардын Борбор Азия мамлекеттеринен Орусияга ташылып жатканын чагылдырган коллаж.

Украинада согуш башталгандан бери Орусиядан Борбор Азия мамлекеттерине которулган акчанын суммасы болуп көрбөгөндөй көбөйдү. Ошол эле кезде кайра Орусияга чыгарылып кеткен каражат да рекорд коюп жатат.

Экономисттер Орусияда накталай доллар тартыш болуп, Борбор Азия бул өлкөнү АКШ акчасы менен жабдыган бирден-бир аймакка айланганын айтып жатышат. Кыргыз өкмөтү да накталай доллар Орусияга чыгарылып кетип жатканын бир нече жолу ырастады.

Борбор Азия өлкөлөрүнө түшкөн жана чыгарылган акча

Быйыл май айында жеке адамдар тарабынан Кыргызстандан 85,5 миллион доллар сыртка чыгарылды. Анын ичинен 80,1 миллион доллары Орусияга жөнөтүлгөн. Улуттук банктын маалыматына караганда, бул сумма акча которуулардын көлөмү эсептеле баштаган 2005-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч. Ал эми май айында 257,2 миллион доллар Кыргызстанга келсе, анын 245,6 миллион доллары Орусиядан кирген.

Улуттук банктын акча которуу тууралуу отчетуна ылайык, ушул жылдын январь-май айларында Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн 1 миллиард 30,4 миллион доллар которулган. Бул сумманын 981,5 миллион доллары Орусиядан келген. Ушул эле убакыт ичинде Кыргызстандан Орусияга 260 миллионго чукул доллар чыгарылып кеткен.

2021-жылдын биринчи беш айында Орусиядан Кыргызстанга 962,7 миллион доллар түшүп, кайра 200 миллион доллар чыгарылган. Ал эми 2020-жылы бул мамлекетке Кыргызстандан январь-май айларында 160 миллионго жакын доллар чыгарылып кеткен.

Өлкөнүн негизги банкынын эсеби көрсөтүп тургандай, быйыл Орусиядан Кыргызстанга түшкөн да, кайра чыгарылган да каражат көбөйдү. Бул бир эле Кыргызстанда эмес Борбор Азиядагы башка мамлекеттерде да байкалды.

Маселен, Өзбекстанда ушул жылдын январь – июнь айларында чет өлкөдөн 6,5 миллиард доллар келген. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 96% же 3,2 миллиард долларга көп. Бирок коңшу мамлекеттин Улуттук банкы каражат кайсы өлкөлөрдөн түшкөнү жана чет жакка агылган каражат тууралуу деталдуу маалымат тараткан жок. Ошол эле кезде Өзбекстанда жеке тараптардын доллар сатып алуусу кескин көбөйүп ал 5,66 миллиард долларга жетти. Бул өткөн жылдын алгачкы алты айына караганда 2,33 миллиард долларга көп.

Орусиянын “Коммерсанть” басылмасы быйыл мартта Орусиядан Казакстанга 9,5 миллион доллар гана которулса, май айында ал дароо 94,6 миллион долларга жеткенин жазды.

Доллар Орусияга чыгарылып жатат

Бул тенденция экономисттердин кызыгуусун жаратты. Негизинен Орусияда Борбор Азия өлкөлөрүнөн, көбүнчө Кыргызстандан, Тажикстандан жана Өзбекстандан барган мигранттар көп жана каражаттын басымдуу бөлүгүн алар которот. Бирок эксперттер акыркы жылдары алардын саны жана тапкан акчасы да кескин көбөйбөгөнүн айтышат.

Экономика министринин мурдагы орун басары жеке ишкер Элдар Абакиров бул көрүнүштү Украинадагы согуштан улам Орусиядагы экономикалык кырдаалга байланыштырды.

Элдар Абакиров.
Элдар Абакиров.

“Мигранттар жиберген акчадан тышкары Орусиядагылар биз аркылуу долларды чыгарып кетип атат же накталай долларды сатып алууда. Биз аркылуу дегенде Борбор Азия мамлекеттери анын ичинде Кыргызстан да бар. Түшкөн да, сыртка чыгарылган да акчанын суммасынын көбөйүшүнүн башка себеби жок. Мен ушундан эле көрүп турам. Орусиянын өзүнөн долларды алып чыгыш кыйын жана аны сатпайт. Элде болсо доллар жок. Бирок Орусиянын өзүндө өндүрүлбөгөн чийки затты чет жактан сатып келген компаниялар бар. Аларга доллар керек. Ошондуктан ал ишканалар евро жана доллар издейт. Экинчи жагынан Орусиядан кетип жаткан адамдар. Алар чет өлкөгө чыгып жатканда үйүн же машинасын рубль менен сатат. Акчасын кайра биздин мамлекеттен долларга алмаштырып атышат”.

Орусия быйыл февралда Украинага кол салгандан кийин Батыштын бир катар санкцияларына кабылган жана анын он чакты банкы SWIFT системасынан өчүрүлгөн. Бул система аркылуу дүйнөдөгү банктар жана каржы институттары акча которуулар тууралуу маалымат алып турат. Ага 200 мамлекеттеги 11 миңден ашык уюм киргизилген.

Март айында АКШ менен Евробиримдик Орусияга накталай доллар жана евро киргизүүгө тыюу салган. Мындан улам Орусиянын өзүндө да накталай долларды банктан алууга жана чет өлкөгө чыгарууга бир катар чектөөлөр коюлган.

Ушуга окшогон катаал санкциялардан улам Орусияда согуштун баштапкы күндөрүндө рублдин куну түшүп, доллар кымбаттаган жана өлкөдө АКШ валютасынын тартыштыгы жаралган. Ушул күндөрү Орусияда доллардын курсу кайра турукташып калды.

Өзбекстандык экономист Шухрат Расул Борбор Азия өлкөлөрүнөн Орусияга доллар ташылып жатат деген пикири менен бөлүштү.

“Өзбекстанга рубль которулуп, ал долларга алмашылып чыгарылып жатат. Мындай көрүнүш Өзбекстанда эле эмес, Кыргызстанда, Казакстанда жана Тажикстанда да бар”, - деди ал.

Орусиянын валюта базарындагы олку-солку кырдаал Борбор Азия мамлекеттерине да таасир этип долларды сатууда жана аны накталай алууда коммерциялык банктар бир катар чектөөлөрдү киргизди. Кыргызстанда акча алмаштыруучу жайларда доллар табуу кыйынга турат. Мисалы, өлкөдөгү коммерциялык банктар банк эсептеринен жана банкоматтардан чет элдик валютаны накталай берүүдө 3-5% чейин комиссия алууга өттү. Ошондой эле күнүгө бир адам кеминде банктардан 500-600 гана доллар сатып алууга болот. Ошондо да АКШ акчасы болсо. Украинадагы согушка чейин мындай чектөөлөр жок эле.

“Долларды мүшөктөп ташып жатышат”

Кыргыз өкмөтү Орусияда доллардын дефицити пайда болгондон кийин бул өлкөгө Кыргызстандан накталай доллар көп чыгарылып жатканын билдирген.

Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев Жогорку Кеңештин буга чейинки жыйынында мындай деген.

“Орусияда жаралган накталай жана накталай эмес доллардын ортосундагы маселе эми бизге келип жетти. Биздин өлкөдө накталай эмес доллар көбөйдү. Биз накталай долларды сатып алып жаткан жокпуз. Накталай эмес долларды сатып алып, валюта рыногундагы кырдаалды жөнгө салып келе жатканбыз. Бирок коммерциялык банктар накталай долларды көп өлчөмдө сыртка чыгарып жатат. Бул миллиондогон доллар. Бирок аларды кызыл кулактар сатып алып, Орусияга мүшөктөп чыгарып кетип жатат. Анткени бизде накталай акчаны чыгарууга тыюу салынган эмес”.

Министрлер кабинети абалды жөнгө салуу үчүн Кыргызстандан чет өлкөгө АКШ долларын алып чыгууда чектөө киргизген токтом долбоорун 15-апрелде эле коомдук талкууга койгон. Ал кабыл алынса, чет элдиктер өлкөдөн накталай түрдө 5 миң доллардан ашык каражат алып чыга албайт. Кыргызстандын жарандарына 10 миң долларга чейин чек коюлган. Андан көп сумма болсо, 10% төлөм киргизилет. Бул токтом долбоору кабыл алына элек.

Премьер-министр Акылбек Жапаров да Орусияга накталай доллар ташылып жатканын айтып, АКШ валютасынын тышка чыгып кетишин алдын алуунун жолдору каралып жатканын билдирген.

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

“Тилекке каршы Украинадагы окуялардан кийин Орусияда доллардын эки курсу пайда болду. Расмий курс анан көмүскө курс бар. Ошондуктан бизге рублди сомго алмаштырып, сомду кайра долларга которуп алып кетип атышат. Биз өкмөттө ушул маселени карап аны менен күрөшүү үчүн механизмдерди сунуштадык. Улуттук банк да сунуштарын берип атат. Биз жарандарга, ишкерлерге накталай эмес долларды чектебей эле берип атабыз. Тартыштык накталай долларда болууда”.

Өзбекстандагы кырдаал

“Азаттыктын” өзбек кызматы жазгандай, өлкөнүн айрым аймактарында накталай акчанын жана чет элдик валютанын тартыштыгы байкалууда. Маалыматка ылайык, кайсы бир аймактарда тургундар банкоматтарда накталай акча алуу үчүн узун кезекке турушууда. Банктар кардарларга накталай акча алууга чек коюлганын билдирип, каражат берүүдөн баш тартып жатканы да кабарланды.

Мамаризо Нурмуратов.
Мамаризо Нурмуратов.

“Акча которуулардын кескин көбөйүшүнө себеп болгон жагдайлардын биринчиси – Орусиядагы накталай жана накталай эмес акчанын курсундагы айырмачылык. Маалыматтарга ылайык, 15-20 пайыздан 30 пайызга чейинки айырма пайда болду. Экинчиден, накталай валютаны банктардан сатып алууда да маселе жаралды. Себеби, банктар канча валюта түшсө, ошончо көлөмдөгү акчаны кайра сата албай калды. Мындай шартта биз бир нерсени байкадык. Буга чейин Орусияда иштеген журтташтарыбыз Өзбекстанга ким келе жатса, ошондон акча берип жиберчү. Соңку жагдай бул көрүнүштү чектеп койду. Мындан улам Орусияда эмгектенгендер легалдуу, акча которуу каналдарын колдоно баштады. Ошондуктан акча которуулардын саны так көрүнүп калды”, - деди Өзбекстандын Улуттук банкынын төрагасы Мамаризо Нурмуратов.

Деген менен өзбекстандык экономист Отабек Бакиров Өзбекстанга которулган каражаттын көбөйүшүнө мигранттардын тиешеси жок экенин айтты.

“Анткени Орусияда өзбек мигранттары көбөйгөн эмес жана бир жыл ичинде биздин мигранттардын кирешеси да үч эсе көбөйгөн жок. Учурдагы кырдаал акча которууларды жалаң гана алып-сатарлык жана диверсиялык максаттарда колдонууга мүмкүндүк берет. Тилекке каршы, бийлик буга чара көрө албай жатат. Чет элдик валютанын жана накталай акчанын жетишсиздиги ушундан улам келип чыкты”, - деп эсептейт экономист.

Бир нече ай мурда Тажикстанда да доллардын тартыштыгы жаралганы кабарланган. Бирок Украинада согуш башталгандан бери Тажикстанга Орусиядан канча акча которулганын же кайра чыгарылганы тууралуу ачык булактарда маалымат жок.

Доллар тартыштыгынын кесепети

Кыргызстандын валюта рыногу Борбор Азиядагы башка мамлекеттерге салыштырмалуу эркин деп сыпатталып келген. Орусия Украинага кол салгандан бери абал өзгөрдү. Элдар Абакиров Улуттук банк ырааттуу иш алып барышы керектигин эскертип жатат.

“Кыргызстандан чет жакка доллардын көп которулганы жакшы эмес. Анткени өлкөнүн ичинде долларга карата табигый муктаждык бар. Ошол талап кылынган доллардын көлөмүн башкалар ташып кетпеши керек. Улуттук банк ушуга каршы күрөшөбүз деп коммерциялык банктардан доллар алууга 5% комиссия алууну киргизип койду. Акча алмаштыруучу жайларда доллар жокко эсе. Расмий курс менен реалдуу курстун ортосунда айырма бар. Ар кандай көмүскө Телеграм каналдар ачылып долларды сатуу, сатып алуу болуп атат. Ал жакта курс такыр башка. Улуттук банк болсо коммерциялык банктарга 79-80 сомдон көтөрбөгүлө деп талап коюуда. Ушинтип отуруп валюта алмаштыруу көмүскө базарга өтүп кетти. Бул жакшы эмес. Экинчи жагынан накталай доллардын азайышы мамлекеттин валюта резервине таасирин тийгизиши мүмкүн”.

Акыркы эки жыл 85 сомдун тегерегинде туруктуу кармалып келген доллар быйыл 24-февралда Орусия Украинага басып кирген күндөн тартып кымбаттай баштаган. Эки апта ичинде анын куну дээрлик 20 сомго жогорулап, 106 сомго жеткен. Ошондон бери доллардын баасы олку-солку абалда болуп, расмий курс ушул тапта 80 сомдон тегерегинде болууда.

Орусиянын валюта базарындагы абалдан кийин Казакстан март айында өлкөдөн 10 миң доллардан ашык каражатты накталай алып чыгууга тыюу салган. Кыргызстанда чет жакка 10 миң долларга чейин эч тоскоолдуксуз эле чыгарып кетсе болот. Бул суммадан ашканда декларация толтуруш керек.

Доллар тартыштыгынын себеби эмнеде?
please wait

No media source currently available

0:00 1:01:23 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG