Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:22

Өкмөт чет өлкөгө доллар алып чыгууга чектөө киргизүүнү сунуштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинети Кыргызстандан чет өлкөгө АКШ долларын алып чыгууда чектөө киргизген токтом долбоорун коомдук талкууга койду. Ага ылайык, чет элдик жарандар өлкөдөн накталай түрдө беш миң доллардан ашык каражат алып чыга албайт. Кыргызстандын жарандарына он миң долларга чейин чек коюлган. Андан көп сумма болсо, 10% төлөм киргизилет.

Бул өлкөдө экономикалык коопсуздукту жана финансылык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн кабыл алынган чара экени, токтомдун аткарылышын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев көзөмөлдөй турганы кабарланды.

Дээрлик эки жыл 85 сомдун тегерегинде туруктуу кармалып келген доллар 24-февралда Орусия Украинага согуш ачкандан кийин кымбаттай баштаган. Март айында бир доллар 106 сомго чейин жеткен.

Ушул тапта менчик акча алмаштыруу жайлары менен коммерциялык банктарда бир доллар 84-86 сом болууда. Улуттук банк расмий курсту 81 сом 39 тыйын деп белгиледи. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG