Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:58

Кыйноолорду алдын алуу борбору Атамбаевден кабар алды


Алмазбек Атамбаев сотто. Архивдик сүрөт.
Алмазбек Атамбаев сотто. Архивдик сүрөт.

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери 14-апрелде №47 абакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден кабар алып чыкканын айтышты.

Мурдагы президент анда бели ооругандыктан туруп же отура албай жатканын, бир аз кыймылдаса эле аба жетишпей, колу-буту уюп калып атканын айткан. Ал буга байланыштуу бир нече жолу кат жүзүндө сотко катышуудан баш тартканын, бирок ага карабастан эки жолу отурумга күч менен алынып келип ден соолугу начарлаганын билдирген.

№47 колониянын башкы дарыгери мурдагы президент Алмазбек Атамбаев толук текшерүүдөн өтүп, дарыланууга муктаж экенин айткан. Тиешелүү корутунду Жаза аткаруу кызматынын Медициналык башкармалыгына жөнөтүлгөн.

Улуттук борбор Жаза аткаруу кызматы менен Саламаттык сактоо министрлигине Алмазбек Атамбаевдин өз убагында медициналык жардам алуу укугун сактоону камсыз кылуу сунушун берди.

Бишкектин Калыс-Ордо жаңы конушундагы мектептин курулушу жана түркиялыктарга Кыргызстандын жарандыгын берүү боюнча кылмыш иштерине байланыштуу 14-апрелдеги соттук отурумда Атамбаев ден соолугу начар экенин билдирген. Отурум анын катышуусуз өтүп, “Тез жардам” кызматы чакырылган.

2020-жылы 23-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов Атамбаевди “Батукаевдин иши” боюнча өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл, эки айга абакка кескен.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаевге Кой-Таш, Октябрь окуялары жана мындан тышкары кылмыштуу жол менен алынган кирешени адалдаштыруу, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупция боюнча да айып коюлган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG