Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:04

Кыргыз-Түрк ооруканасы Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүлдү


Кыргыз-түрк ооруканасындагы жабдуулар.
Кыргыз-түрк ооруканасындагы жабдуулар.

Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаадагы Кыргыз-Түрк ооруканасы муниципалитеттин карамагына өткөрүлгөнүн билдирди.

Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) колдоосу менен 2017-жылы курулган оорукана 72 кишиге эсептелген. Анын ичинен 21 реанимация керебети, ангиограф, компьютердик томография, магниттик-резонанстык томография, маммография, рентген жабдуулары, УЗИ, гастроскоп, эхокардиограф жана башка диагностикалык аппараттар бар.

Оорукананы башкаруу боюнча эки тараптуу келишим ратификация болбогондуктан, анын курулушу 2017-жылы бүткөнүнө карабай 2020-жылы гана ишке берилген. Жыйынтыгында, келишим 2021-жылы ратификация болгон. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG