Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:33

АКШ Кыргызстан менен кызматташуу келишимине кол коюуга даяр экенин билдирди


Эдил Байсалов Узра Зея менен жолугушту.
Эдил Байсалов Узра Зея менен жолугушту.

АКШнын Мамлекеттик катчысынын жарандык коопсуздук, демократия жана адам укуктары боюнча орун басары Узра Зея Кошмо Штаттары Кыргызстан менен кызматташуу жөнүндө жаңы келишимге кол коюуга даяр экенин билдирди.

Бул тууралуу ал 15-апрелде Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен жолугушууда айтканын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууда Эдил Байсалов Кыргызстан адамдын негизги укуктары менен эркиндиктерин, мыйзам үстөмдүгүн жактай тургандыгын, өлкө жетекчилиги болсо АКШ менен кызматташууну активдештирүүгө даяр экенин айтты.

Кыргызстан менен АКШнын өкмөттөрүнүн кызматташтыгы тууралуу келишимге 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. Бул документти кыргыз өкмөтү 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсациялаган. Эки өлкөнүн кызматташтыгы тууралуу жаңы келишимге байланыштуу техникалык сүйлөшүүлөр 2021-жылы соңуна чыккан.

АКШ 1991-жылы 27-декабрда дүйнөдө биринчилерден болуп Кыргызстандын эгемендигин тааныган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG