Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:09

Кыргыз-Түрк ооруканасы иштей баштады


Кыргыз-түрк ооруканасындагы жабдуу.
Кыргыз-түрк ооруканасындагы жабдуу.

Кыргызстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Кыргыз-Түрк ооруканасы коронавирус жугуп, дарты өтүшүп кеткен бейтаптарды кабыл ала баштаганын айтты.

“Ооруканада 72 орун даярдалды, анын 12си - ыкчамдатылган терапия палаталары. Жалпысынан 35 медициналык кызматкер тартылып, алардын арасында кардиолог, пульмонолог жана реаниматолог дарыгерлер бар. Жаңы оорукана бардык керектүү жабдуулар менен камсыздалган”, -- деди Үсөнбаев.

Бишкекте курулушу 2016-жылы аяктап, бирок башкаруу боюнча эки тараптуу келишим ратификация болбогондуктан кыйлага дейре ачылбай турган Кыргыз-Түрк ооруканасы кыргыз өкмөтүнө тапшырылып берилгенин Түркиянын Бишкектеги элчилиги быйыл 25-мартта билдирген. Элчиликтин маалыматына караганда, ооруканада 21 реанимациялык орун, жасалма дем алдыруучу 22 атайын аппарат, эки операция залы, бейтап жатып дарыланчу 51 орун бар.

Буга чейин Бишкекте коронавирус жуккан бейтаптар Инфекциялык ооруканага жаткырылып жаткан. Ал жердин 19 медицина кызматкеринен вирус табылып, мекеме обсервацияга жабылды.

31-майда Кыргыз-Түрк ооруканасынын тегерегинде жашаган адамдар нааразылыгын билдирип чыгышкан. Алар "эгер коронавирус менен ооругандар жаткырылса, жанындагы үйлөрдө жашагандарга, балдарга илдет жугат" деген кооптонуусун айтышкан. (TSh)

XS
SM
MD
LG