Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:03

Кипрде орус миллиардерлерин жарандыктан ажыратуу жараяны башталды


Кипрдин паспорту.
Кипрдин паспорту.

Кипрде төрт орус миллиардерин жана алардын 17 үй-бүлө мүчөсүн жарандыктан ажыратуу жараяны башталды. Мамлекет башчы Никос Анастасиадис анын өкмөтү орусиялык чириген байларды жарандыктан ажыратуу чечимин кабыл алганын билдирип, алардын ысымдарын атаган жок.

Анткен менен жергиликтүү маалымат каражаттары өз булактарына таянып, алар Михаил Гуцериев, Александр Пономаренко, Вадим Мошкович жана Алексей Кузьмичев экенин жазышты.

Кипр мындай кадамга Евробиримдик Орусиянын Украинага кол салышына байланыштуу Москвага болуп көрбөгөндөй санкцияларды салгандан кийин барды.

Орусиялык олигархтар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү Кипр жарандыгын "Алтын паспорт" деген программанын алкагында алышкан. Ага ылайык, ири инвесторлорго Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин жарандыгы берилет.

Орусия Украинага басып киргиче, Forbes сөз болуп жаткан төрт миллиардердин байлыгынын жалпы суммасын 15,6 миллиард доллар экенин жазган.

"Алтын паспорт" программасы Кипрде 2020-жылы коррупцияга байланыштуу ызы-чуулардан улам жабылып калган. "Рейтерстин" маалыматына ылайык, бул программа аркылуу 6800дөй чет өлкөлүк жаран Кипр жарандыгын алган, алардын 2900ү орус жарандары. (EzK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG