Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:03

Донецкидеги салгылаш, AI доклады Зеленскийди ачуулантты


Торецк шаары орус армиясынан аткылоосунан кийин. 4-август, 2022-жыл.
Торецк шаары орус армиясынан аткылоосунан кийин. 4-август, 2022-жыл.

Донецк облусунда айыгышкан салгылашуулар уланууда. Украин армиясы орус күчтөрүнө туруштук бергенин, бирок айрым жерлерден чегинүүгө аргасыз болгонун мойнуна алды. Украин президенти Amnesty International эл аралык уюмунун докладын сындап, анда айтылгандарды Орусияны актоо аракетине теңеди.

Украинанын Донецк облусунда айыгышкан салгылашуулар уланууда. Орус армиясы алга жылып жатканын билдирүүдө. Донецк шаары 2014-жылы орусиячыл жикчилдердин колуна өткөнү менен украин армиясы анын айланасындагы бир топ аймактарды көзөмөлдөп турат.

Украин куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын командачысынын орун басары генерал Алексей Громов аскерлер орустардын Соледар жана Бахмут шаарына койгон чабуулуна туруштук бергенин, ошол эле маалда айрым жерлерден чегинүүгө туура келгенин 4-августта билдирди.

Генерал ошондой эле "Москва түштүктөгү Херсон облусуна чабуул коюшу мүмкүн, аскерлерин ошол тарапка топтоп жатат" деп эскертти.

Түндөсү (жума күнү) Харьков, Николаев шаарлары, Днепропетровск облусундагы айыл-кыштактар кайрадан аткыланды.

Бейшемби күнү орус аскерлери Донецк облусундагы Торецк шаарын аткылаганда сегиз киши каза тапканын, төртөө, арасында үч бала жараат алганын жергиликтүү аскердик администрациянын башчысы Павел Кириленко билдирген.

Орусиянын маалымат агенттиктери украин армиясы Донецкидеги драмтеатрга сокку урганын, ал маалда өздөрүн "ДНР" деп атаган аймактын командири менен кошоштуу жүрүп жатканын жазышкан. "РИА Новости" элди эвакуациялоого үлгүрүшкөнүн маалымдаса, жикчилдер бери дегенде беш киши мертке кеткенин билдирди.

Украина соккуга тиешеси жоктугун айтууда. “Украинская правда” гезити президент Владимир Зеленскийдин администрация башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляктын “Донецкини орустар же эч ким тааныбаган кылмыштуу жумурияттардын элдик милициясы аткылап жатат” деген сөздөрүн келтирет.

Покровск шаарындагы эвакуация. 4-август, 2022-жыл.
Покровск шаарындагы эвакуация. 4-август, 2022-жыл.

Украин бийлиги өз көзөмөлүндөгү аймактардан калкты эвакуациялоону улантууда. Балдар менен аялдар, кары-картаңдар поезд менен коопсуз жерлерге көчүрүлүп жатат.

30-июлда президент Владимир Зеленский Донецкинин чыгыш райондорунда милдеттүү эвакуация жарыялаган. Бейшембинин кечиндеги кайрылуусунда, президент Донбасста кармаштар жүрүп жаткан жерлерден дагы жүз миңдеген киши чыгарылууга тийиш деп айтты.

Зеленский ошондой эле Amnesty International эл аралык укук коргоо уюмунун жаңы докладын Орусиянын жоопкерчилигин Украинага оодара салуу аракети деп сындады.

"Тилекке каршы, Amnesty International террорист-мамлекетти актоого, жоопкерчиликти агрессордон курмандыкка оодарууга аракеттенүүдө. Орусиянын Украинага баскынчылыгын эч кандай шартта актоо мүмкүн эмес. Андайга эч кандай гипотетикалык жүйө да жок. Биздин мамлекетке каршы агрессия негизсиз, бизди басып алууну көздөгөн, ачыктан ачык террордук кадам. Кол салган жана жапа чеккен тараптар кайсы бир нерселерде бири-бирине окшош деген, курмандык тууралуу маалыматтар анализделип, баскынчынын кылгандары көз жаздымда калтырылган докладдар кабыл алынгыс. Андайга жеткирбеш керек".

Баяндамада "украин аскерлери эл жашаган райондорго курал-жарак жайгаштыруу менен тынч тургундарды коркунучка кептеп жатат" деп жазылган.

Amnesty International жетекчиси Агнес Каламар сын "уюмдун бейтараптуулугун алсыратпайт” жана “фактыларды өзгөртпөйт” деп жооп берди.

БУУнун маалыматына караганда, согуш башталгандан бери 5 миңден ашуун жайкын украиналык набыт болду. Украин бийлиги орус аскерлери шектелген согуш кылмыштарын иликтеп келатат.

Ал арада НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Орусияга Украинага каршы согушту жеңүүгө жол берилбеши керек, уруш Европаны Экинчи дүйнөлүк согуштан бери кооптуу кырдаалга кептеди деп билдирди.

Баш катчы альянс Украинаны курал-жарак жана башка көмөк менен колдоону уланта берерине убада кылды. Бул багытта коргонуу тармагындагы компаниялар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG