Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:16

Кучма: Путин Украинадан кийин башка өлкөлөргө кол салышы мүмкүн


Леонид Кучма менен Владимир Путин Кара Деңиздеги Севастополь портунда. 2001-жылдын 29-июлу.
Леонид Кучма менен Владимир Путин Кара Деңиздеги Севастополь портунда. 2001-жылдын 29-июлу.

Украинанын мурдагы президенти Леонид Кучма Би-Би-Сиге берген интервьюсунда Владимир Путин Украинадан кийин Молдова, Казакстан жана Грузияга кол салышы ыктымал деп билдирди.

4-августтагы маегинде журналист ага: "Дүйнө үчүнчү согуштун босогосунда турат деп ойлойсузбу? Орусия мисалы, Литва менен Польшага кол салышы ыктымалбы?" - деп суроо узаткан.

"Гитлер Польшага кол салганда экинчи дүйнөлүк болуп жатканын эч ким билген эмес. Үчүнчү дүйнөлүк согуш болобу же жокпу, бул Украина Орусиянын кол салуусунун мизин канчалык кайтара алышынан көз каранды. Эгер биз туруштук берсек, Путин андан ары кетпейт, эгер андай болбосо "агрессия улана берет". Бирок биз туруштук беребиз", - деп жооп берген Кучма.

Украинанын экс-президентинин айтымында, Орусиянын агрессиясынын чек арасы кеңейген учурда коркунуч Литва менен Польшага эмес, НАТОго кирбеген постсоветтик республикаларга туулушу ыктымал. "Молдова жана Түндүк Казакстанга көз артуу көп байкалып жатат, ушундай эле маанай эми Грузия да сезиле баштады. Адатта Орусия өзүнөн алсызыраак мамлекеттерге, а эң жакшысы, өтө эле алсыз мамлекеттерге кол салат эмеспи", - деп кошумчалаган Кучма.

Анын пикири боюнча, Орусия НАТОго чындап катыла албайт, анткени мындай согушта НАТО орус армиясын "жер менен жексен кылат", ал эми өзөктүк согушта Орусия утулат.

4-июлда Орусиянын Коопсуздук кеңшинин катчысы Дмитрий Медведев "РИА Новости" агенттигине берген интервьюсунда өзүнүн "ВКонтакте" социалдык барагын хакерлер бузуп киргенин, бул ар кимдин башынан түшүшү мүмкүндүгүн, күнөөлүүлөр жазасын калбашын билдирди.

1-августта мурдагы президенттин соцтармактагы барагында геосаясатка байланышкан пикир чыгып, анда "Украинадан кийин Орусия өзүнүн мурдагы чексиз чек араларын калыбына келтирүү ниетинде экенин", "Грузия мамлекет катары эч убакта болбогонун", а "Казакстан болсо орустардын аймагында искусстволук жол менен пайда болгон мамлекет "экени айтылган. Көп өтпөй бул пост өчүрүлүп, кийин аккаунт бузулганы кабарланган.

Дмитрий Медведев интервьюсунда бул окуяны маалымат согушу катары мүнөздөп, душмандар Жамааттык коопсуздук кызматы уюмуна, Евразия экономикалык биримдигине жана Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттерди бири бирине кагыштырууну каалап жатышат, деп билдирди.

Медведевдин соцтармактагы ал өзү жарыялаганы же чын эле бирөөлөр тарабынан жазылганы азырынча белгисиз бул посту Грузияда да, Казакстанда да терс пикирлерди жаратып, кызуу талкууга алынган. Грузияда саясат талдоочу, конфликтолог Гела Васадзе "Медведев өзүн Путинге башкаларга салыштырмалуу катуу адам экенин далилдегиси келгенин, ал мунусу менен Путинге өзүн көргөзгүсү келгенин, анткени ал экөө тең ушундай эле нукта ойлонорун жана бул - алардын эң башкы көйгөйү” экенин айтты.

1991-жылдын 26-декабрында Советтер Cоюзу расмий түрдө жоюлуп, дүйнөлүк картада 15 жаңы эгемен мамлекет пайда болгон.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG