Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:01

Донецк: жикчилдер шаардагы заводду аткылоодон аммиак агып кеткенин кабарлады


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Донецкидеги орусиячыл жикчилдер 10-августтун кечинде Украинанын армиясы шаардагы заводду атып аммиак агып кеткенин кабарлады. Маалыматка караганда, артиллериялык соккудан аммиак түтүгү жабыркаган. Жергиликтүү тургундарга батирлерин жаап, нымдалган чүпөрөк, лимон же уксус кислотасынын эритмеси менен дем алуу сунушу берилди.

Сепаратисттердин аймактык коргонуу штабы Телеграммдагы каналына сокку шаардын чыгышындагы Калинин районунда жайгашкан “Сармат” сыра заводунун аймагына урулганын билдирди. Социалдык тармактарда мекемедеги ири өрттүн видеолору тарап жатат. Расмий Киев бул окуя боюнча комментарий берген жок.

Штабдын маалыматына ылайык, аммиактын агып кетишинен эки чакырымдай аймакка зыян келтирилди. Аткылоо маалында ишканада 32 адам болгон. Бир киши каза болуп, экөө жаракат алганы айтылды.

Эл эвакуация болгону тууралуу маалымат жок. Жарандарга көчөгө чыкпоо жана терезелерди ачпоо сунушталды. Аммиак - уулуу, бирок салыштырмалуу зыяны жок газ. Согуш маалында окуя болгон жерден алынган маалыматтар согушуп жаткан тараптар тарабынан бурмаланышы мүмкүн.

24-февралдан бери Орусия Украинанын Луганск облусунун дээрлик бардык аймагын, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын бир катар аймактарын басып алды.

XS
SM
MD
LG