Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:22

Энергетика тармагы: бир катар ишканалар бириктирилип, ирилешет


"Датка-Кемин" көмөк чордону.
"Датка-Кемин" көмөк чордону.

"Улуттук энергохолдинг" компаниясы бул тармактагы башкарууну реформалоо иштери тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, акционерлердин кезексиз жыйынында бир катар компанияларды бириктирүү жана ирилештирүү чечимдери кабыл алынды.

"Концепцияга ылайык, компанияларды ирилештирүүдөн бир миллиард сомго чейин үнөмдөлөт, бул каражат энергетикадагы кубаттуулукту жогорулатууга жумшалат. Реформанын этап менен ишке ашыруунун алкагында жол картасы кабыл алынган. Биринчи баскычында "Улуттук энегохолдинг" Энергетика министрлиги менен бирге маселени чечүү жолдорун иштеп чыкты. Ага ылайык, "Түндүкэлектр", "Чыгышэлектр", "Ошэлектр" жана "Жалалабатэлектр" "Кыргызстандын улуттук электр тармагына" бириктирилет. Ал эми "Бишкекжылуулук" тармагы "Электр станциялары" ачык акционердик коомуна кошулат", -деп айтылат маалыматта.

Өткөн айда өкмөттүн жыйынында энергетика министри Доскул Бекмурзаев бул тармактагы жалпы каржылык тартыштык 15 милллиард сомдон ашканын билдирген.

Өткөн жылдын ноябрында Коопсуздук кеңеши энергетика тармагындагы башкаруу системасын өзгөртүү чечимин кабыл алган.

Кыргызстан бир канча жылдан бери энергетика тармагын реформалоого аракет кылып келет.

XS
SM
MD
LG