Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:06

Ислам шериктештиги оюндары: Алмаз Сманбеков күмүш медал утту


Архив. Алмаз Сманбеков эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында. 21-сентябрь, 2019-жыл. Нур-Султан, Казакстан.
Архив. Алмаз Сманбеков эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында. 21-сентябрь, 2019-жыл. Нур-Султан, Казакстан.

Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында кыргызстандык балбан Алмаз Сманбеков күмүш медал алды.

Дене тарбия жана спорт департаментигинин билдиришинче, ал 10-августта эркин күрөштөн 57 килограмм салмакта Азербайжан, Сенегал жана Тажикстандан келген балбандарды утту. Финалда өзбекстандык Муминжон Абдуллаев менен күч сынашып, жарым финалда алган жараатынан улам күрөштү уланта алган жок.

Сманбеков апрель айында Монголиядагы Азия чемпионатында коло байге уткан. Февраль айында ал Түркиянын Стамбул шаарында өткөн күрөш боюнча Yasar Dogu, Vehbi Emre & Hamit Kaplan эл аралык мелдешинде алтын медал алган.

Түркиянын Конья шаарында 9-августта V Ислам шериктештиги оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи өтүп, ага түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган да катышкан.

Анда Кыргызстандын желегин улуттук курама команданын капитаны, балбан Атабек Азизбеков менен жеңил атлетчи Айнуска Калил кызы көтөрүп чыккан.

Бул күнү күрөштүн ушул эле түрүнөн 86 килограмм салмакта Нуртилек Карыпбаев коло байгеге ээ болду. Ушуну менен азырынча бул оюндарда Кыргызстандын эсебинде бир күмүш жана бир коло байге бар.

V Ислам шериктештиги оюндарында эркин күрөштөн 86 килограмм салмакта коло байге алган Нуртилек Карыпбаев. 10-август, 2022-жыл.
V Ислам шериктештиги оюндарында эркин күрөштөн 86 килограмм салмакта коло байге алган Нуртилек Карыпбаев. 10-август, 2022-жыл.

Ислам шериктештиги оюндары быйыл бешинчи жолу өтүп жатат. Ага 56 мамлекеттен 4 миңге жакын спортчу катышып, спорттун 20 түрүнөн 483 комплект медал үчүн таймашышат. Мелдештер 18-августка чейин уланат. Кыргызстандан жүздөн ашык спортчу спорттун 16 түрүнөн катышууда.

Кыргызстандык спортчулар бул мелдешке 2005-жылы алгачкы жолу катышып, ал кезде 8 байге уткан. Иран жана Индонезияда өткөн экинчи жана үчүнчү оюндарга катышкан эмес.

Азербайжанда өткөн IV Ислам шериктештиги оюндарынан Кыргызстандын курама командасы жалпы 17 медал утуп, 54 мамлекеттин арасынан алдыңкы ондуктун катарына кирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG