Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:11

Кыргызстандык хорсболчулар алгачкы жолу дүйнө чемпионатына катышат


Кыргызстандын хорсбол командасы Францияда машыгууда. Июль, 2022-жыл.
Кыргызстандын хорсбол командасы Францияда машыгууда. Июль, 2022-жыл.

Кыргызстандын хорсбол боюнча командасы алгачкы жолу дүйнө чемпионатына катышат.

Кыргыз хорсбол федерациясынын президенти Мунарбек Кулданбаев "Азаттыкка" билдиргендей, чемпионат 15-августта Франциянын Сен-Ло шаарында башталып, 20-августка чейин уланат. Ага 17 мамлекеттен спортчулар катышары күтүлүүдө.

"Кыргыз хорсбол командасы дүйнө чемпионатына алгачкы жолу катышып жатат. Бул чемпионатка даярдык 2016-жылы башталган. Кыргыз курама командасынын мүчөлөрү 2020-жылы Токтогулда өткөрүлгөн эл аралык мелдеште, Франциядан келген кесипкөй хорсболчулар тарабынан тандалган. Учурда команданы Жером Дюранте деген чебер машыктыруучу даярдап жатат. Команданын курамында: Ырыскелди Шамшиев, Болсунбек Болотбек уулу, Абдулла Эрмекбай уулу, Эрулан Бакытбек уулу жана Максатбек Кенжекараев бар. Алар Франциянын Лонгпон шаарындагы Myequidream ат оюндар клубунда 28-июлдан баштап машыгып жатышат. Дүйнө чемпионатында Кыргызстандын командасы Про-Элит тайпасында 10 өлкөнүн арасында таймашат. Про-Элит - бул профессионалдар тайпасы. Андан сырткары кыз-келиндер, 21 жашка чейин жана 10 жашка чейин тайпалар бар", - деди Кулданбаев.

Кыргызстандын хорсбол командасы Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз менен. 7-август, 2022-ж.
Кыргызстандын хорсбол командасы Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз менен. 7-август, 2022-ж.

Кыргыз хорсбол федерациясы 2011-жылы уюшулуп, эл аралык хорсбол федерациясына (FIHB) толук кандуу мүчө болгон. Ошол убакыттан бери спорттун бул түрүнөн Токтогул районунда төрт эл аралык мелдеш жана Бишкек, Чолпон-Ата шаарларында үч хорсбол шоу өткөрүлгөн. Ошондой эле Кыргыз хорсбол федерациясынын көмөгү менен Франциянын көк бөрү командасы 2018-жылы III Көчмөндөр оюндарына катышкан.

Хорсбол - ат үстүндө ойнолуучу спорттун бири. Ал регби, баскетбол, поло жана нетболдун элементтерин камтыйт. Командада жалпы алты, оюн талаасында төрт оюнчу болот. Оюнчулар алкак менен капталган топту үч метр бийиктиктеги шакекчеге салып ойношот. Бул оюн 1970-жылдардын аягында Францияда ат спортунун түрү катары катталып, эл аралык мелдештер 1990-жылдан кийин өтө баштаган. Хорсбол боюнча эл аралык комиссия 1992-жылы түзүлүп, эл аралык федерация 1999-жылы уюшулган. Учурда 20дан ашык өлкөдө улуттук федерациялар бар. Хорсбол боюнча дүйнө чемпионаты быйыл 4-жолу өткөнү жатат. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG