Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:39

"Манас" үчилтиги англис тилине которулду


"Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтигинин англис тилиндеги котормосу.
"Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтигинин англис тилиндеги котормосу.

Драматург Мар Байжиев түзгөн "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтик дастанынын хрестоматиялык варианты англис тилине которулду. Үчтилтикти АКШнын жараны, Монтана мамлекеттик университетинин магистранты Акылай Байматова которгон.

Аталган китептин бет ачары 2022-жылдын 9-августунда Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада өттү. Ага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Кыргыз улуттук "Манас" театрынын директору Азиз Биймырза Уулу жана бир катар коомдук жана маданий ишмерлер катышты.

Иш-чара илимий коференция жана маданий программа менен коштолуп, англис тилинде манас айтылды.

Дүйнөдө эң көлөмдүү деп эсептелген “Манас” эпосу кытай, англис, немис, француз, жапон, фарс, монгол, чех, болгар, венгер, уйгур, жана башка бир топ тилдерге которулган.

"Манас" эпосунун китеп болуп басылып чыккан варианттарынан сырткары Улуттук илимдер академиясында жана манасчылардын өздөрүндө 80ге жакын вариант сакталып келет.

"Манас" эпосунун үчилтиги ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине Кыргызстандын атынан катталган. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG