Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:53

Июнь коогасына байланыштуу кылмыш иши сотко өттү


Оштогу коогалуу күндөр. 2010-жылдын 11-июну. (Фото архивден)
Оштогу коогалуу күндөр. 2010-жылдын 11-июну. (Фото архивден)

Бул тууралуу адвокат Сергей Слесарев билдирди. Анын маалымдашынча, ишти Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук соту карайт жана алгачкы соттук угуу 15-августка белгиленди.

Апрель айында Башкы прокуратура 2010-жылдагы Июнь коогасына байланыштуу козголгон кылмыш иши Жалал-Абаддагы өзбек улуттук маданий борборунун мурдагы президенти, экс-депутат, маркум Кадыржан Батыровдун Кыргызстандан чыгып кетишинен улам "кызмат абалынан кыянат пайдалануу" беренеси менен козголгонун маалымдаган.

Анын негизинде мурдагы президент, 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Алмазбек Атамбаевге, генералдар Кеңешбек Дүйшөбаев менен Исмаил Исаковго жана саясатчы Бектур Асановго “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” боюнча айып коюлган.

Июнь окуясына байланыштуу 2010-жылы кызматта жүргөн жыйырмадай саясатчы суралган. Алардын арасында Садыр Жапаров жана атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев дагы болгон.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) былтыр жазында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иши кайра тергеле баштаганын билдирген. Анда кылмыш иши Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу экенин кабарлаган. Анын алдында президент Садыр Жапаров атайын кызматка Июнь окуясындагы материалдарды кайра иликтөөнү тапшырган.

2010-жылдын апрель айында Кыргызстанда нааразылык акцияларынан кийин тоз-тополоң болуп, анын негизинде бийлик алмашкан. Ошол жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абад облустарында улут аралык жаңжал чыккан.

Расмий маалыматка ылайык, коогада 446 адам каза болуп, 2 миңге чукул киши ар кандай жараат алган. 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 19у табыла элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG