Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:51

Бишкек: ооган качкындары үчүнчү өлкөгө жөнөтүү талабы менен митингге чыкты


Ооган качкындары мындан туура бир жыл мурда дагы акцияга чыгышкан. Бишкектеги АКШ элчилигинин алдындагы пикет. 18.08.2021
Ооган качкындары мындан туура бир жыл мурда дагы акцияга чыгышкан. Бишкектеги АКШ элчилигинин алдындагы пикет. 18.08.2021

Бишкекте 10-августта ондон ашык ооган качкыны Горький атындагы гүлбакта нааразылык акцияга чыгып, аларды АКШга же Канадага жөнөтүүнү талап кылышты. Алар Кыргызстанда узак убакыттан бери жашап жатканына карабай башпаанек ала албай жатканын билдиришти.

"Биз бул жакта качкын катары 20 жылдан ашык убактан бери жашап жатабыз. Бизди бул жакта кабыл алышкан жок. Жогорку сот башпаанек берүүдөн баш тартты. Бирок бизди БУУнун Качкындар иши боюнча агенттиги "качкын" катары тааныган. Буга карабай биздин укуктарыбыз бузулуп жатат. Бул жакта 20 жыл жашаганыбызга карабай мыйзамдуу түрдө иштеп, окуй албайбыз жана кыймылсыз мүлк сатып ала албайбыз, Кыргызстандан сыртка чыга албайбыз. Бул жакта биздин азыркыбыз дагы, келечегибиз дагы жок. Биз эркин жашагыбыз келет. Ошондуктан бизди үчүнчү өлкөгө тезирээк жөнөтүүнү талап кылабыз. Биз бул арызды 23-июнда эле жолдогонбуз, азыркыга чейин жооп ала элекпиз",-деп айтылат ооган качкындарынын билдирүүсүндө.

Кыргыз өкмөтү бул дооматтарга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Мындан туура бир жыл мурда Кыргызстанда бир канча жылдан бери жашап жаткан ооганстандык жарандар БУУнун Бишкектеги кеңсесинин жана АКШнын элчилигинин алдына пикетке чыккан. Анда дагы 20 жылдан бери башпаанек ала албай жүрүшкөнүнө даттанып, кыргыз бийлигинен "качкын" макамын берүүнү же АКШ, Канада сыяктуу башка өлкөгө жиберүүнү талап кылышкан.

Акцияга чыккандар Кыргызстанда 400дөн ашык ооган жараны "качкын" макамын ала албай жүргөнүн айтышкан.

Буга чейин расмий расмий бийлик өкүлдөрү Ооганстандын 73 жаранына "качкын" макамы берилгенин, дагы 67 ооганстандыктын башпаанек сураган өтүнүчү каралып жатканын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG