Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:32

Евробиримдик менен Британия Орусиядан көмүр сатып алууну токтотту


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Европа Биримдигинде (ЕБ) 10-августтан баштап Орусиядан көмүрдү импорттоого толук тыюу салуу күчүнө кирди. Биримдик бул чарага апрелдин башында Орусияга салган санкциялардын бешинчи пакетинде макулдук берген. Улуу Британия да 10-августтан тарта орус көмүрүнөн баш тартты.

Еврокомиссиянын маалыматына ылайык, эмбарго жылына 8 миллиард еврого же Орусиянын көмүр экспортунун төрттөн бирине таасирин тийгизет. Евробиримдик Орусиядан сатып алынбай калган көмүрдүн ордун Түндүк Америкадан, Австралиядан, Колумбиядан, Түштүк Африкадан жана Казакстандан ташып келип толтурат.

Евробиримдик Орусиядан көмүр ташууга тыюу салганын жарыялагандан кийин, Москва экспортту Индия менен Түркияга багыттады. Бирок мындай шартта көмүрдү 50% чейин арзан сатууга туура келет.

Жыл аягына чейин Европа өлкөлөрү орус мунайынан жарым-жартылай баш тартууну пландап жатат. АКШ марттын башында эле Орусиядан газ, мунай жана көмүрдү импорттоого тыюу салган.

Орусия 24-февралда Украинага согуш ачкандан кийин Европа Биримдиги расмий Москвага жооп катары бир катар экономикалык санкциялардын пакетин киргизди. Анын ичинде Орусиянын жаратылыш газын алууга чектөө киргизүү да бар.

Планга ылайык, Евробиримдикке мүчө өлкөлөр ушул жылдын 1-августунан 2023-жылдын 31-мартына чейин жаратылыш газын керектөөнү акыркы беш жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 15% ыктыярдуу түрдө азайтууга аракет кылат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG