Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:49

“Алтын казына”зордуктоо фактысын иликтөөгө жардам берип жатканын билдирди


Чүй милициясы "Алтын казынадагы" зордуктоого шек саналып 20 жаштагы бала кармалганын билдирген.
Чүй милициясы "Алтын казынадагы" зордуктоого шек саналып 20 жаштагы бала кармалганын билдирген.

Бишкектеги четиндеги "Алтын казына" рестораны аталган жайда официант болуп иштеген жашы жете элек кыздын зордукталышы тууралуу билдирүү таратты.

Анда "6-августтан 7сине караган түндөгү окуя кызматкерлердин жумуш убактысынан кийинки маалда болгон. Кызматкерлер жеке адамдар ижарага алган, кайтаруудагы жайга уруксатсыз киришкен. Кылмышкерлер кармалды. Алар Кылмыш-жаза кодексине ылайык жаза алышат. Биз тергөөгө ар тараптуу жардам берип жатабыз. Сиздер сыяктуу эле биз дагы адилеттүүлүк тарапта экенибизди билдиребиз", -деп жазылган.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы "Алтын казынадагы" зордуктоого шек саналган 20 жаштагы бала кармалганын билдирген.

Мунун алдында, 8-августта аталган ресторанда администратор болуп иштеген бир нече адам аталган жайдын жашы жете элек официантын зордуктаганы жөнүндө маалымат тараган. Бул тууралуу зомбулукка кабылган кыздын ата-энеси коомчулукка кайрылган. Маалыматка караганда, кылмышка шектүүлөр 17 жаштагы кызды ресторандын жанындагы мейманканага камап, зомбулук көрсөткөн.

Расмий маалыматка ылайык, былтыр зордуктоо фактысына байланыштуу 604 иш катталып, анын 325и кыскарган. Кыргызстанда жашы жете электерди сексуалдык зомбулук көрсөтүү фактылары соңку мезгилде кызуу талкууланып келет. Бир ай мурун дагы бир жашы жете элек 13 жаштагы кыздын зордукталышы коомчулукта резонанс жараткан. Бул боюнча жарандык коом өкүлдөрү өлкө бийлигине кайрылып, тийиштүү чараларды көрүүнү талап кылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG