Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:56

Москва: каза болгон эки кыргыз жарандын сөөгү мекенине жөнөтүлдү


Баястан Карыбек уулу жана Кайрат Баймурза уулу.
Баястан Карыбек уулу жана Кайрат Баймурза уулу.

Москвада суу коллекторун тазалоо учурунда каза болгон эки кыргыз жаранынын сөөгү Кыргызстанга жөнөтүлдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, элчиликтин кызматкери каза болгон балдардын жакындары менен байланышта жана иш берүүчү тарап менен жолугуп, каза болгон балдардын укуктарын коргоо, кенемте төлөтүп берүү боюнча иштерди жүргүзгөн.

Үч адамдын өмүрүн алган окуя 7-августта Москва шаарынын Люблино районунда болгон. Катуу жааган жаандан улам суу топтолгон коллекторду 15 жумушчу тазалап жаткан маалда суунун агымы дароо көбөйүп кеткен.

Орусиялык басылмалар суу коллекторунда кырсык болгон кезде ал жерден беш адам люктан өз алдынча чыгып кеткенге үлгүргөнүн, калгандарын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери куткарып калып, үч кишини куткарууга жетишпей калганын жазышкан.

Каза болгон кыргызстандыктар 23 жаштагы Кайрат Баймурза уулу, 20 жаштагы Баястан Карыбек уулу экени аныкталган жана экөө тең Алай районунун Бүлөлү айылынын тургундары болгон.

Расмий маалыматка караганда, учурда миллиондон ашуун кыргызстандык чет мамлекеттерде эмгек миграциясында жүрөт, алардын көбү Орусияда. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG