Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:28

Замир Жоошев: судья "Кой-Таш окуясы" жабык караларын билдирди


Кой-Таш. 8-август, 2019-жыл.
Кой-Таш. 8-август, 2019-жыл.

Бүгүн, 10-августта Бишкектеги Биринчи май райондук соту "Кой-Таш окуясына" байланыштуу ишти карады. Адвокат Замир Жоошев Фейсбуктагы баракчасына анда судья жараян жабык өтөрүн билдиргенин жазды. Ал судья мындан эки күн мурда эле процесс ачык өтөрүн айтканын белгилеп, соңку чечимди "мыйзамсыз" деп атады.

Биринчи май райондук соту буга байланыштуу азырынча түшүндүрмө бере элек.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон саясатчылардын Кой-Таш окуясына байланыштуу соту 8-августта жанданган.

Ушул жылы 30-майда бул иштин алкагында Атамбаев баштаган 14 адамга айыбы угузулган жана ошондон бери жараян белгисиз мөөнөткө жылып калган. Анда кылмышка шектүүлөрдүн ар бирине сегизден 15ке чейин айып коюлган. Бирөө дагы күнөөсүн моюнуна алган эмес.

Кой-Ташта мындан үч жыл мурда 7-8-август күндөрү күч кызматкерлеринин кримтөбөл Азиз Батукаевдин трмөдөн эрте бошоп кетишине айыпталган Атамбаевди кармоо операциясы тоз-тополоң менен коштолгон. Анда бир адам (УКМКнын офицери Үсөнбек Ниязбеков) мерт болуп, жалпысынан 225 адам жабыркаган. Анын ичинен 91и ИИМдин, 40 УКМКнын кызматкери болсо, 94ү жөнөкөй жарандар эле.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG