Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:37

Түркияда V Ислам Шериктештиги оюндары башталды


V Ислам Шериктештиги Оюндарынын ачылуу аземи. 9-август, 2022-жыл.
V Ислам Шериктештиги Оюндарынын ачылуу аземи. 9-август, 2022-жыл.

Кечээ, 9-августта Түркиянын Конья шаарында V Ислам Шериктештиги оюндарынын салтанаттуу ачылуу аземи өттү. Ага Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган да катышты.

Ачылуу аземинде Кыргызстандын желегин улуттук курама команданын капитаны, балбан Атабек Азизбеков менен жеңил атлетчи Айнуска Калил кызы көтөрүп чыгышты.

V Ислам Шериктештиги оюндары быйыл бешинчи жолу өтүп жатат. Ага 56 мамлекеттен 4 миңге жакын спортчу катышып, спорттун 20 түрүнөн 483 комплект медал үчүн таймашышат. Мелдештер 18-августка чейин уланат. Кыргызстандан жүздөн ашык спортчу спорттун 16 түрүнөн катышууда.

Кыргызстандык спортчулар Ислам Шериктештиги оюндарына 2005-жылы алгачкы жолу катышып, ал кезде 8 байге уткан. Иран жана Индонезияда болгон экинчи жана үчүнчү оюндарга катышкан эмес. Азербайжанда өткөн IV Ислам шериктештиги оюндарынан Кыргызстандын курама командасы жалпы 17 медал утуп, 54 мамлекеттин арасынан алдыңкы ондуктун катарына кирген. (GT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG