Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:30

Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери Низовский менен жолугуп чыкты


Омбудсмен институту тарткан сүрөт.
Омбудсмен институту тарткан сүрөт.

Омбудсмен институтунун кызматкерлери коррупцияга шектелип кармалган Бишкектеги №61 мектептин директору Юрий Низовский менен жолугуп чыгышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Анда Низовский менен Акыйкатчы аппаратынын өкүлдөрү УКМКнын кызматкерлери жок баарлашкан жана ал тергөө иштерине эч кандай дооматы жок экенин айткан. Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Низовскийдин бөгөт чарасын кароодо тийиштүү тараптар анын жаш курагына, ден соолугуна, жашаган жерине жана буга чейин соттолбогонуна көңүл бурууга чакырган.

УКМК Низовский коррупцияга шек саналып кармалганын билдирди. Мекеме тараткан маалыматка караганда, ал окуучулардын ата-энелеринен туруктуу акча алып турган коррупциялык схема түзгөнү аныкталган.

Юрий Низовский атайын кызматта сурак берип жатканы 9-августта кечинде белгилүү болгон. Анын 30га жакын тарапташы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) алдында чогулган. Алар Низовскийдин эч кандай күнөөсү жок экенин айтып жатышат. Юрий Низовский 1991-жылдан бери директор болуп иштеп келаткан.

27-июлда Юрий Низовскийди өз ордунда калтырууну талап кылгандар шаардын Горький багында акция өткөрүшкөн. Буга чейин ал "директорлорду тандоо боюнча сынакка катышуу анын ар-намысына шек келтирген кадам" болорун айткан.

Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-жылдын 26-июлундагы буйругунун негизинде мектеп жетекчилеринин бош кызмат орундарына сынак жарыяланган. Ага ылайык өлкөдөгү 2333 мектептин ичинен 966 мектептин директорлугуна сынак башталды.

12-июлда президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык беш жылдан ашык иштеген мектеп директорлору кызматтан кетиши керек. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG