Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:39

Экс-президент Жээнбековдун мурдагы жардамчысы Оштогу өкүлдүн орун басары болду


Экс-президент Сооронбай Жээнбеков жана Эрнис Толтоев.
Экс-президент Сооронбай Жээнбеков жана Эрнис Толтоев.

Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун мурдагы жардамчысы Эрнис Толтоев президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы маалымдады.

36 жаштагы Эрнис Толтоев Ош мамлекеттик университетин аяктаган. 2015-жылдарга чейин Ошто ар кандай мамлекеттик кызматтарда иштеген. 2016-жылы Ош шаардык кеңешинин депутаты болгон. 2017-жылы ошол кездеги өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун жардамчысы, ал президент болгондон кийин мамлекет башчынын жардамчысы болгон.

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин кызматтан кеткен. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG