Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:07

Укук коргоочулар Рузиев боюнча кайрылуу жолдошту


Камил Рузиев.
Камил Рузиев.

Теңчилик үчүн коалициясы кыймылы кыргыз бийлигине, бардык укук коргоо органдарына жана эл аралык уюмдарга укук коргоочу Камил Рузиевге козголгон кылмыш иштерин токтотууну чакырган кайрылуу жолдошту. Анда укук коргоочуну айыптоону ордуна, ал көтөргөн маселелерге көңүл буруу керек экенин белгилеген.

“Бийлик Камил Рузиевден айыптоону алып, укук коргоочу жарыя кылган адамдарга каршы кыйноо фактыларынын бардыгын калыс иликтөөнү баштоосу керек”, - деп айтылат кайрылууда.

Теңчилик үчүн коалициясы кыймылы укук коргоочуга байланыштуу эл аралык уюмдардын сунуштамаларына кыргыз бийлиги көңүл бурушу керек экенин белгилеген. Теңчилик үчүн коалиция өлкөдөгү бир нече бейөкмөт уюмдун башын бириктирет.

Рузиевге байланыштуу сот отуруму 12-августта уланат. Укук коргоочу өзү бул күнү чечим чыгышы мүмкүн экенин билдирди. Анын айтымында, мамлекеттик айыптоочулар соттон аны күнөөлүү деп таап, беш жыл кесип, бирок мунапыс менен бошотууну суранып жатышат.

Камил Рузиев Караколдогу "Вентус" уюмун жетектейт. Ал күч түзүмдөрүнүн кыйноосуна жана зомбулугуна кабылганы айтылган адамдарды коргоп, юридикалык жардам берип келгени менен белгилүү. Укук коргоочу эки жыл мурун "Документтерди жасалмалоо" жана "Алдамчылык" беренелеринин негизинде кармалып, эки күндөн кийин үй камагына алынган. Кийин анын ишиндеги Жазык кодексинин "Алдамчылык" беренеси алынган. Экинчи берене боюнча 2020-жылы сентябрында Каракол шаардык сотунда башталган сот иштери аягына чыга элек. Рузиев мунун баарын анын укук коргоочулук ишмердүүлүгү үчүн өч алуу деп эсептейт.

18-декабрда Женевада өткөн жыйында уюмдун атайын баяндамачысы Мэри Лолор Кыргызстандын бийлигин укук коргоочу Камил Рузиевге карата куугунтукту токтотуп, ал айтып чыккан мыйзам бузуу фактыларын иликтөөгө чакырган. Ал Рузиев күч түзүмдөрүндөгү кыйноолорду жана алардын ишиндеги кемчиликтерди ашкере кылгандан кийин куугунтукка кабылганын айткан. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG