Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:34

Улуттук банк Садыр Жапаровдун атын атаган шылуундар тууралуу эскертти


Улуттук банк.
Улуттук банк.

Улуттук банк учурда социалдык тармактар менен мессенжерлерде президент Садыр Жапаровдун жана аталган банктын атынан "кайрылгандардын баарына 10 миң сом өлчөмүндөгү грант берилет" деген жалган маалымат тарап жатканын эскертти. Анда шылуундар жеке маалымат камтылган онлайн резюме толтурууну сурашарын белгиледи.

"Кандай болсо дагы жеке маалыматтарды, картаңардын номерлерин, анын мөөнөтүн, CVV/CVC коддорду, ПИН коддорду жана СМС менен келген коддорду билдирбегиле жана үчүнчү тарапка бербегиле, такталбаган шилтемелерди ачпагыла, сак болгула",-деп айтылат Улуттук банк тараткан билдирүүдө.

Ушул жылдын башында президенттин администрациясы Садыр Жапаров катышат делген иш-чараларга чакырып көз боёмочулук кылган жана акча талап кылган учурлар көбөйгөнүн билдирген. Анын алдында мамлекет башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев анын атын колдонгондордон сак болууга чакырган.

Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеш дагы алардын аты жазылып, мөөрү коюлган, жасалма күбөлүк даярдап берүүнү убада кылган шылуундар пайда болгонун маалымдаган. Мындан улам ушул жылдын башынан тартып жаңы күбөлүктөр эч кимге берилбей турганын жана мыйзамсыз иш-чаралар тууралуу кеңештин катчылыгына кайрылуу керектигин билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG