Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:40

Оштогу драма театрга Керимбек Калыкулов жетекчи болду


Керимбек Калыкулов.
Керимбек Калыкулов.

Ош улуттук драма театрына жетекчи болуп дайындалган Керимбек Калыкулов бүгүн, 10-августта эмгек жамаатына тааныштырылды.

Бул тууралуу маалымат театрдын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды. Ага ылайык, жаңы жетекчини маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чынгыз Эсенгул уулу тааныштырган.

Мекеменин маалыматына ылайык, Ош улуттук драма театрынын директорлук кызматына жарыяланган сынакка ондогон талапкерлер билдирме беришкен. Атайын комиссия алардын ишмердигин карап чыгып, соңунда Калыкуловдун талапкерлиги жактырылган.

41 жаштагы Калыкулов буга чейин Ош мэриясынын маалымат кызматын жетектеген, ЭлТР, ОшТВ телеканалдарында башкы директор болуп эмгектенген. (ArN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG