Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:47

11-августтун аба ырайы: тоолуу аймактарда сел жүрөт


Ат-Башы районундагы Көл-Суу көлү. 2022-жылдын 30-июлу.
Ат-Башы районундагы Көл-Суу көлү. 2022-жылдын 30-июлу.

10-12-августта туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоо этектеринде жана тоолуу райондордо сел жүрүшү ыктымал.

Кыргызгидромет кызматынын маалыматы боюнча, түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18…23, күндүз 30…35,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 26…31,

Талас жергесинде түнкүсүн 10…15, күндүз 24…29,

Нарын дубанында түнкүсүн 10…15, күндүз 24…29,

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 17…22,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 24…29,

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Абанын түнкү температурасы 16…18°, күндүз 29…31°.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG