Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:58

Январь окуяларына айыпталгандардын ата-энелери "Акыйкат маршына" чыкты


"Акыйкаттыкты талап кылгандардын маршы". Жамбыл облусу, 10-август, 2022-жыл.
"Акыйкаттыкты талап кылгандардын маршы". Жамбыл облусу, 10-август, 2022-жыл.

Казакстанда Январь окуяларында каза болгон жана башаламандыкка айыпталган бир нече баланын ата-энеси аларды актоо талабын коюп, 10-августта Тараздан Нур-Султан шаарына жөө жүрүшкө чыгышты. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматы жазып, аларды облустук бийлик токтотууга аракет кылганын билдирди.

Январь окуясында 18 жаштагы уулу окко учкан Бакытжан Чыңгызбеков алардын Нур-Султанга болгон “Акыйкат маршы” шейшемби күнү кечинде башталганын, полиция бир нече жолу токтотконун айтты. Марштын катышуучулары Тараз шаарынан 60 чакырым алыстыктагы Акыртөбө айылына жетип калышты.

Быйыл 2-январда Маңгыстау облусундагы жана Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингдер болгон. Кийин саясий өңүт алган акциялар Алматы шаарында ири башаламандык менен коштолгон.

Бир нече шаарда акцияга чыккандарды аскерлер жана полиция күч менен басып, башаламандык чыккан. Расмий маалымат боюнча, тополоңдо 230дан ашык адам каза болгон. 1-августта прокуратура Январь окуясы боюнча айыпталган 92 адам абакка кесилгенин кабарлады. Жалпысынан 474 кылмыш иши сотко жөнөтүлүп, 717 адам жоопкерчиликке тартылган.

Казакстандагы Январь окуяларына байланыштуу бул өлкөдө он кыргызстандык кармалып, алардын баары чыкканы айтылган. Эки кыргызстандык каза болгону такталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG