Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Август, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:06

Казакстан: саясий туткундардын тизмеси узарды


Казакстандын Алматы шаарында Январь окуяларынын курмандыктарына арналган “Yмүт” көргөзмөсүнө коюлган сүрөттөр.

Казакстандын жана эл аралык укук коргоо уюмдарынын маалыматы боюнча, 2022-жылдын Январь окуясынан кийин өлкөдө саясий туткундардын саны кескин көбөйдү. Ушул тапта болжолдуу тизмеде 140 кишинин аты-жөнү бар жана ал дагы узарышы мүмкүн.

Өткөн жылдын аягында эле саясий туткундардын тизмесинде 12 адам бар болчу. Январь окуясынан кийин саясий себептер менен куугунтукка алынгандар 11 эсеге көбөйдү.

“Активисттер экстремист эмес” укук коргоо уюмдарынын коалициясынын (ред: анын курамына жети казакстандык жана эки эл аралык уюм кирет) эсеби боюнча, Январь окуясынан кийин Казакстанда саясий туткундардын тизмесине кеминде 128 кишинин ысымы киргизилди.

Бул Казакстанда саясий жүйө менен куугунтукталып, кармалгандар тактала баштаган 2013-жылдан берки эң кеңири тизме болуп калды.

Коалициянын маалыматы январдагы кандуу окуяда жакындары каза болгондор Нур-Султан шаарындагы акцияда камакка алынгандан кийин жарыяланды. Анда митингдин катышуучулары туугандарын актоо талабын койгон. Алар кандуу окуяда каза тапкандарга “массалык башаламандыкка катышуу”, “террорчулук” боюнча айып тагылганына нааразы болушкан.

Саясий туткундардын тизмесин түзүүгө катышкан укук коргоочу Данияр Хасенов камактагы 130 адамдын аты-жөнү жазылган документти “Азаттыктын” казак кызматына берди. Негизинен Актөбө, Алматы, Көкшетау, Костанай, Кызылорда, Павлодар, Семей, Тараз, Талдыкорган, Чымкент, Өскемен (Усть-Каменогорск), Ащыбулак айылы (Алматы облусу), Турар Рыскулов району (Жамбыл облусу), Мерке району сыяктуу ондон ашык шаар жана калктуу конуштардын тургундары кармалган. Аларга “массалык башаламандыкка катышуу”, “террордук акт”, “имараттарды басып алуу”, “курал-жарактарды, ок-дарыларды жана жардыргыч заттарды уурдоо же тартып алуу” боюнча айып тагылган.

Хасеновдун айтымында, тизмедеги адамдардын баары эле жарандык активисттер эмес жана айрым маалыматтар өзгөрүшү мүмкүн. Ал тизмеге киргизилген бир нече киши камактан чыкканын, кээ бирлеринин бөгөт чарасы өзгөртүлгөнүн кошумчалады. Расмий маалыматтарда, шектүүлөрдүн айрымдары шарттуу мөөнөткө же эркинен ажыратылган. Тизмеде Январь окуясына байланыштуу көп жылга абакка кесилген активисттер да бар.

Данияр Хасенов.
Данияр Хасенов.

“Ачык маалымат жок, тизме да толук эмес. Ушундан улам саясий туткундардын саны айтылгандан көп болушу мүмкүн. Албетте, Январь окуясы боюнча жарандардан түшкөн маалыматтарды колдон келишинче текшеребиз. Бирок биз полиция эмеспиз, ошондуктан баарын аныктай албайбыз. Биздин критерийге жооп берген адамдарды тизмеге киргизебиз”, - дейт Хасенов.

Саясий туткундардын тизмесине Январь окуясы боюнча камакта отургандар жана “саясий жүйө менен куугунтукталган” адамдар киргизилет.

Дагы бир укук коргоочу Сергей Шутов январь айында Атырауда кармалган кишилерге күч колдонулганын айтып, “өлкөдө саясий себептер менен жоопко тартылган, кылмыш иштери моюнуна илинген жарандар көп” деди.

Анын сөзүнө караганда, Январь окуясынан кийин саясий өңүттөгү иштер боюнча жоопко тартылгандар 700дөн ашат.

Сергей Шутов.
Сергей Шутов.

“Менин түшүнүгүм боюнча, бул тизмеге буга чейин укук коргоочулук жана жарандык активдүү иштер менен алектенип жүрүп жапа чеккен адамдар кирет. Январь айында митингге чыгып кийин соттолгондордун көбү буга чейин жарандык ишмердик менен шугулданган эмес. Алар биринчи жолу ушундай кырдаалга туш болуп жатышат. Бирок алардын көбү тергөө менен кызматташууга макул болушту. Укук коргоо кызматкерлери алардын тырмагына ийне сайып кыйнаганын айтып берген маектерин көрөм. Мындай учурда ким болбосун, кылбаган кылмышын да моюнга алууга аргасыз болот. Негизи тергөө менен кызматташкандар “саясий туткун” деп эсептелбейт. Алар “кылмышкер” категориясына кирет. Бирок биздеги соттун жана тергөөнүн деңгээлин, абактагыларды кыйноо фактыларын эске алып, алардын баарын тизмеге киргизиш керек”.

Казакстанда саясий туткундардын тизмеси Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын (ПАСЕ), ошондой эле эл аралык укук коргоочу Amnesty International уюмунун критерийлери менен түзүлгөн.

Расмий маалыматка ылайык, Казакстанда Январь окуясында 10 миңден ашуун адам камакка алынган. Жүздөгөн киши шектүү катары өтүп жатат. Бул иш боюнча 474 кылмыш иши сотко жөнөтүлүп, 717 адам “массалык тартип бузууга катышуу”, “уурулук”, “тоноо”, “курал-жаракты мыйзамсыз тартып алуу же сактоо” кинеси менен айыпталган.

18-июлда Башкы прокуратура Январь окуясы боюнча 92 адам абакка кесилгенин билдирди. Бийлик шектүүлөр укук коргоо кызматкерлерине зомбулук көрсөтүп, жеке жана мамлекеттик мүлккө зыян келтирүү менен оор кылмышка барганын билдирүүдө. Мекеме 1077 кишиге карата козголгон кылмыш иштери токтотулганын кабарлады.

Январь окуясынан кийин кармалган жүздөгөн адамдар кыйноого кабылганын айтышкан. Июль айынын башында тогуз укук коргоо кызматкери кыйноо фактылары боюнча камакка алынганы белгилүү болгон. Алардын сегизи Улуттук коопсуздук комитеттин, бирөө милиция кызматкери.

Быйыл январда Казакстандын бир нече шаарында бийликке алгач экономикалык талаптарды коюп чыккан акцияларды аскерлер жана полиция күч менен басып, башаламандык чыккан. Расмий маалымат боюнча, тополоңдо 230дан ашык адам каза болгон.

Казакстандагы Январь окуяларына байланыштуу бул өлкөдө он кыргызстандык кармалып, алардын баары чыкканы айтылган. Эки кыргызстандык каза болгону такталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG