Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:08

Министр: Январь окуяларында Казакстандан 300 кыргызстандык чыгарылган


Январь окуяларынан кийин Алматы шаарындагы мамлекеттик имараттардын бири. Архивдик сүрөт.
Январь окуяларынан кийин Алматы шаарындагы мамлекеттик имараттардын бири. Архивдик сүрөт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстандагы Январь окуясында 300дөн ашуун кыргызстандыкты мекенине чыгарган.

Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 27-июлда мекеменин жарым жылдагы ишмердиги тууралуу маалымат берип жатып айтты. Ага ылайык, жарандардын көпчүлүгү Алматы жана Чымкент шаарларынан чыгарылган.

Казакстанда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынчтык митингдери алгач 2-январда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылган. Башаламандык талап-тоноо менен коштолгон. Тополоңдо каза болгондордун саны 227ге жетип, алардын арасында эки кыргызстандык - Бактыяр Базарбаев менен Азис Мусаев да болгон. Алар Алматы шаарында иштеп жүрүшкөн.

Казакстандагы Январь окуялары боюнча 10 миңдей адам кармалып, 700дөй кылмыш иши козголгону кабарланган. Кыргызстандык Викрам Рузахунов менен Чолпонбек Сыдыковго “Кыйноо” беренеси менен иш козголуп, кийин алар тергөөгө катышпаганы үчүн убактылуу токтотулган.

Ушул күндөрү эки кыргыз жараны Казакстанда камакта жатат. Тышкы иштер министрлиги кыргыз жарандарынын иши тергөөдө экенин, анын жыйынтыгын күтүп жатканын гана билдирип келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG