Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:56

Кыргызстандын 744 жараны Украинанын аймагынан чыгарылып, 556сы Бишкекке жеткирилди


Согуш башталгандан бери Кыргызстандын 744 жараны Украинанын аймагынан чыгарылып, анын ичинен 556 жаран Бишкекке жеткирилген.

Бул тууралуу 27-июлда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев атайын жыйында билдирди.

Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркуловдун "Азаттык" радиосуна билдиришинче, согуштун алгачкы күндөрү Украинадан чыгып кеткен кыргызстандыктардын айрымдары кайра кайта баштады. Алардын көбү ишкерлик менен алектенгендер.

Буга чейин Украинада жалпы жонунан 1350дөй кыргызстандык бар экени белгилүү болгон. Алардын көбү согуш башталганда Венгрия, Польша, Молдова, Румыния, Болгария жана Түркия аркылуу Кыргызстанга чыгарылган. Элчиликтин маалыматында, Украинанын ар кайсы шаарында 60тын тегерегинде кыргызстандык кетпей калып калган.

Орусиялык күчтөр "атайын аскердик операция" деген жүйө менен Украинага 24-февралда басып кирген.(КО)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG