Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:29

Украинага кайткан кыргызстандыктар


Кыргызстан менен Украинанын желеги. Иллюстрация
Кыргызстан менен Украинанын желеги. Иллюстрация

Украинада согуш башталганына беш айдын жүзү болду. Алгачкы күндөрү коопсуз аймактарга чыгып кеткен кыргызстандыктардын айрымдары Киевге кайра кайтып барышты.

Кыргызстандын Украинадагы элчиси ушу тапта кырдаал оор жана өтө кооптуу экенин эскертип, чыгып кеткендерди азырынча кайтып келбей турууга чакырды.

Одессадагы “Меридиан” жана “Черноморский” эл аралык мектептеринин башкы директору, кыргызстандык Кумарбек Раманов согуш башталганына карабай бул өлкөдө калууну чечкен.

Кумарбек учурда орус күчтөрү негизинен дан жана курал сакталган жайларга сокку уруп жатканы тууралуу кабарланып жатканын билдирди. Одессадагы кырдаал кооптуу болуп жатканы үчүн ал үй-бүлөсү менен Киевге барып турууну пландап жатканын айтты.

"Соңку беш-алты күндө орусиялык армиянын чабуулу көбөйдү. Буудай, дан азыктары, курал сакталган жерлер ракета менен атылды деген маалыматтар келип жатат. Аткылоолор башталганда эле эскертүү болуп, жер төлөгө түшөбүз. Атайын тиркеме чыккан, алдын ала маалыматтар келет. Мурда Одесса салыштырмалуу тынч аймак экени айтылчу, азыр бутага алынып калды окшойт. Биздин мектеп Киевде жана Одессада эле. Ошондуктан бир аз тынчыраак Киевге барып туралы деп пландап жатабыз".

27-июлда өткөн маалымат жыйында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев согуш башталгандан бери 744 кыргыз жараны Украинанын аймагынан чыгарылып, анын ичинен 556 жаран Бишкекке жеткирилгенин билдирди.

Учурда кырдаалга карабай ал жакка кайткан кыргызстандыктар да бар. Алардын көбү ишкерлик менен алектенгендер.

Элчилик кыргызстандыктарды Украинага кайтпай турууга чакырды

Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов чыгып кеткендерди бул өлкөгө кайтпай турууга чакырды.

"Украинага келүүгө ашыкпай тургула деп жатабыз. Анткени коопсуздукка эч ким кепилдик бере албайт. Акыркы жолу чай берип чогулсак, эвакуация болуп кеткендер кайра келип калыптыр. Киевде 50дөй, Харьков, Одесса болуп 80дей жараныбыз бар экен. Ишкерлер, өтө зарыл иши барлар келишиптир. Кагылышууга чейин Украинанын Одесса, Киев, Харьков жана башка шаарларындагы жогорку окуу жайларда биздин 43 жаран бакалавр, магистратурада окучу. 24-февралдан кийин баары Украинадан чыгырылып, окуусун Кыргызстанда онлайн улантышты. Айрымдары окууну ийгиликтүү аякташты. Азыр бул жакта кырдаал оор. Бюджеттик негизде окуткан тармакты каржылоо кескин кыскартылат деген сөздөр бар. Ошого карабай окуу жайлар жаңы окуу жылына даярдык көрүүдө. Киевде бомбадан коргонуучу жайлары бар университеттерге гана офлайн окутууга уруксат берилет экен".

Элчи Румыния, Болгариянын тийиштүү министрликтери менен жогорку окуу жайлардан бюджеттик орун бөлүү боюнча сүйлөшүү болуп жатканын кошумчалады.

Украинанын мектептери жаңы окуу жылында ишти онлайн уланта турганы айтылды. Кумарбек Раманов жетектеген мектеп жаңы окуу жылына окуучуларды кабыл алууну улантууда. Маектешибиздин айтымында, жергиликтүү тургундар арасында окууну офлайн өткөрүүнү сурангандар бар.

"Мамлекет сентябрга карата мектептер кандай талаптарды орундатканда иштей ала турганы көрсөтүлгөн кагаздарды жиберди. Аны аткаруу үчүн иштеп жатабыз. Негизинен балдардын коопсуздугу, коргонуу жайы боюнча... Бизде мурда окуган окуучулардын 80% калган. Жаңыларды дагы кабыл алып жатабыз. Биз онлайн, офлайн жана аралаш кылып окутуунун түрүн көбөйтүп койдук. Ал эми студенттер пандемияда эле онлайн окууга өтүшкөн. Ошондуктан аларга келүүгө муктаждык деле жок. Мен билген студенттер кайтып келе элек. Тааныш мугалимдер кабыл алууну улантып жатканын, окуу онлайн жүрө турганын айтышууда. Азыр каникул мезгили да болуп жатпайбы".

Украинадагы ЖОЖдор ушу тапта жаңы окуу жылына абитуриенттерди кабыл алууну улантууда. "Азаттык" окуу жайлардын айрымдарына телефон аркылуу байланышканда алар бул маалыматты ырастады. Мисалы, Сальвадор Дали атындагы Арт академиясы абитуриенттер кабыл алынып жатканын билдирди.

"Абитуриенттерди кабыл алуу жүрүп жатат"

Ал ортодо Украинанын Кыргызстандагы элчилиги виза берүүнү жандантканын "Азаттык" радиосуна кабарлады.

"Азырынча кеткен студенттер жок. Бирок биз виза бере баштадык. Жакында бул программаны жанданттык", - деди элчиликтин расмий өкүлү Анна Горбунова.

Чынтемир Раманов согуш чыкканда Кыргызстанга кайтып келгендердин катарында болгон. Азырынча Украинага кайтуу планы жок экенин белгиледи.

Чынтемир Раманов.
Чынтемир Раманов.

"Украинадан февралда чыгып кеткенбиз. Согуш бүтмөйүнчө баруу планыбыз жок. Тааныштарыбыздын көбү чыгып кеткен. Азырынча ал жакта окууну улантуунун офлайн же онлайн гана варианты бар. Украина өкмөтү мектептердин 90% офлайнга даяр эмес экенин айтты".

Чынтемир Раманов дагы Украинадагы менчик мектептердин биринин директору болуп иштеген.

Ишкер Азамат Исмаилов Киевге жарым-жартылай кайткандардын бири. Жумушуна байланыштуу Украинага эки жумада бир каттап жатканын билдирүүдө.

"Жеке ишкерлердин айрымдары кайтышты. Өткөндө элчиликке чогулуп, баары менен баарлаштык. Киевде 50дөй кыргызстандык жараныбыз келиптир, өзгөчө өз иштерин жасап жаткандар. Мен дагы ишимден улам эки жумада бир барып жатам. Мурдагы өнөктөштөр менен баарлашып, жолугушууларды өткөрүп жатабыз. Соода жагында иш мурдагыдай эмес, товарлардын сатылышы кыйынга турууда. Айрыкча, машине бизнеси менен иштегендерге кыйын болууда. Тендерлерге катышкан, армияга керектүү буюм-тайым жеткирген, азык-түлүк ташыгандардын иши жүрүшүп жатат. Бирок абал күн сайын өзгөрүүдө. Согуш жүргөн жерлерде иш жүргөн жок, бирок Киевдеги ишкерлер акырындап ишин улантууда. Мектептер ачылганга даярдык көрүүдө".

Буга чейин Украинада жалпы жонунан 1350дөй кыргызстандык бар экени белгилүү болгон. Алардын көбү согуш башталганда Венгрия, Польша, Молдова, Румыния, Болгария жана Түркия аркылуу Кыргызстанга чыгарылган. Элчиликтин маалыматына караганда, Украинанын ар кайсы шаарында 60тын тегерегинде кыргызстандык кетпей калып калган.

Орусиялык күчтөр "атайын аскердик операция" деген жүйө менен 24-февралда Украинага басып кирген. Беш айга аяк баскан согушта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундар арасында миңдеген курмандыктар катталды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG