Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:39

Кыргызстанда CASA-1000 долбоорунун курулушу уланууда


CASA-1000 долбоорунун алкагындагы курулуш иштери. Кыргызстан, 2022-жылдын июль айы.
CASA-1000 долбоорунун алкагындагы курулуш иштери. Кыргызстан, 2022-жылдын июль айы.

Кыргызстан CASA-1000 долбоорун ишке ашыруу максатында 500 киловаттык электр кубатын ташый турган чубалгыларды тартууну улантууда. Бул тууралуу "Улуттук электр станциялар" ишканасынан кабарлашты.

Долбоорго ылайык, электр кубатын ташый турган зымдар Кемин районунун аймагындагы «Датка» көмөк чордонунан баштап 455,6 чакырым аралыкка - Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустары аркылуу Тажикстандын чек арасына чейин жеткирилет.

Маалыматка караганда 1131 зым тирөөч курула турган аянттарга жол салынды (бул жалпы иштин 91,2% түзөт). Анын ичинен 1106 (89,2%) тирөөчтүн чуңкурлары казылды, 1005 (81%) тирөөч арматураланып, бетондолду. 673 (54,3%) тирөөч орнотулду. Курула турган электр зымдарынын тирөөчтөрүнүн жалпы саны 1241.

Азыркы учурда Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында иш кызуу жүрүп жатканы айтылат Улуттук электр станциялар компаниясынын маалыматында. 150 атайын техника, машине жана 329 жумушчу тартылган, анын 70% жакынын жергиликтүү тургундар түзөт.

CASA-1000 - Кыргызстан жана Тажикстандын электр кубатын Ооганстан менен Пакистанга сатууга багытталган, бирок, көп жылдардан бери ишке ашпай келаткан долбоор.

Тажикстан CASA-1000 долбоорунун алкагында курулуш иштерин өткөн жылы июль айында аяктаган. Ал тууралуу былтыр июлда энергетика жана суу ресурстары министри Жамшед Шоймзода билдирген. Анын маалыматы боюнча, долбоор Пакистанда да уланууда, бирок, жумуштардын 40% бүткөн Ооганстанда иш токтоп калган.

Шоймзоданын ал ирет айтканына караганда, долбоор электр кубатын сатып жаткан Кыргызстан менен Тажикстанга да, аны сатып ала турган Ооганстан менен Пакистанга да пайдалуу.

CASA-1000 долбоорунун жалпы баасы 1 миллиард доллар. Чыгымды бардык тараптар көтөрүп, эл аралык каржы уюмдары да каржылоодо. (KO)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG