Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:46

Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Бишкекке келет


Жээнбек Кулубаев жана Ван И.
Жээнбек Кулубаев жана Ван И.

Кытай эл республикасынын тышкы иштер министри, Мамлекеттик кеңештин мүчөсү Ван И жакынкы күндөрү Кыргызстанга расмий сапары менен келет. Бул тууралуу маалыматты Кытайдын Тышкы иштер министрлиги 26-июлда өзүнүн расмий сайтына жайгаштырды.

Анда Ван И Бишкекке Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен келатканы айтылган.

Ван И 28-29-июлда Өзбекстанда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйынына катышары да маалымдалган.

Борбор Азияга сапарынын алкагында Ван И Өзбекстанга, Кыргызстанга жана Тажикстанга бул мамлекеттердин тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаевдин, Владимир Норовдун жана Содрижидин Мухриддиндин чакыруусу менен расмий сапар жасамакчы.

Шанхай кызматташтык уюму 2001-жылы 15-июнда Кытай, Орусия, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан тарабынан түзүлгөн. 2017-жылы уюмга Пакистан менен Индия кошулган. Акыркы ирет ШКУнун саммити 2021-жылы 17-сентябрда Тажикстандын борбору - Дүйшөмбү шаарында өттү, анда "Талибан" кыймылы бийликке келгенден кийинки Ооганстандагы кырдаал талкууланган. (КО)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG