Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:38

Орусия прокуратурасы КМШ жарандары орус армиясына каршы согушканына камтама


Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Орусиянын башкы прокурору Игорь Красновду кабыл алды. Дүйшөмбү. 26-июль, 2022-жыл
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Орусиянын башкы прокурору Игорь Красновду кабыл алды. Дүйшөмбү. 26-июль, 2022-жыл

Орусиянын башкы прокурору Игорь Краснов мурдагы советтик өлкөлөрдүн жарандары Украинада орус армиясына каршы согушуп жатканына тынчсыздануусун билдирди.

"Озоди" радиосу маалымдагандай, 26-июлда Дүйшөмбүдө тажик башкы прокурору Юсуф Рахмон менен кездешүүдө Игорь Краснов жалданма согушкерлерди тартуу жана Украинаны курал-жаракка "шыкоо" КМШга чоң коркунуч жаратарын айтты. Красновду ошол эле күнү Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон кабыл алды.

КМШга Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан кирет.

Орусиянын мамлекеттик ТАСС агенттиги Красновдун: «Украинадагы согуштан улам пайда болгон кырдаалда коркунучтар көбөйүүдө. Бүгүн биздин өлкөлөр жаңы, өтө кооптуу коркунучтарга туш болууда. Алардын арасында КМШ жарандарынын согуштук аракеттерге жалданып катышуусун, курал-жаракты, ок-дарыларды, маңзаттарын жайылтууну атайт элем», - деген сөздөрүн келтирет.

Орусиянын өкүлү ошол коркунучтар менен күрөшүү үчүн КМШнын тартип коргоо органдары кызматташтыкты замандын талабына ылайык жүргүзүүгө тийиш деп кошумчалады.

Тажикстан тарап мындай сунуштарга эмне деп жооп бергени белгисиз. Сүйлөшүүлөр тууралуу маалымат расмий таратылган жок.

Орусия кошуна өлкөсүнө кол салгандан бери Дүйшөмбү согушка байланыштуу өз позициясын билдире элек.

Маалымат каражаттарында анда-санда басылган кабарлардан тажикстандык жарандар Украинанын жана Орусиянын тараптарында согушкан учурлар жок эмес деп баамдаса болот.

Тажикстанда чет өлкөдө согушка катышуу оор кылмыш эспетелгени менен, бийлик жогоруда сөз болгон жарандар тууралуу үн ката элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG