Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:03

Орусияда 39 кыргызстандык изделүүдө


Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинин алдындагы мигранттар. Москва шаары, 2020-жылдын 17-августу.
Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинин алдындагы мигранттар. Москва шаары, 2020-жылдын 17-августу.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Орусиянын аймагында дайынсыз кеткен 39 кыргызстандык изделүүдө. Маалыматка караганда, жыл башынан бери министрликтин Москвадагы өкүлчүлүгүнө 66 адам кайрылып, Орусия Федерациясынын аймагында дайынсыз жоголуп жаткан жакындарын табууга жардам берүүнү өтүнүшкөн. Өткөн жылдан бери милиция тарабынан 28 жаран изделип жаткан, жалпысынан туугандарына кат-кабарын айтпай кеткен 94 кыргызстандык изделип келген. Алардын ичинен 55 жаран Москванын ички иштер башкармалыктарынын жардамы менен табылган, анын отуз тогузу менен быйыл байланышууга мүмкүндүк түзүлдү.

Ушул тапта Кыргызстандын дагы 39 жараны дайын-дарексиз экени маалым болду.

Ички иштер министрлиги кат-кабарсыз кеткендер тууралуу маалымат менен кененирээк сайттан таанышууга мүмкүн экенин билдирип, алардын бирөө-жарымынын дайын-дарегин билгендер болсо милицияга маалымат берүүнү өтүнөт.

Расмий маалыматка караганда, чет мамлекеттерде миллиондон ашуун кыргызстандык иштеп, жашап жүрөт, алардын көбү Орусияда. (KO)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG