Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:47

Мектеп директорлорунун бош орундарына конкурс жарыяланды


Мектеп окуучуларынын бүтүрүү салтанатынан. Бишкек, Кыргызстан, 2022-жыл.
Мектеп окуучуларынын бүтүрүү салтанатынан. Бишкек, Кыргызстан, 2022-жыл.

Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-жылдын 26-июлундагы №1484/1 буйругунун негизинде мектеп жетекчилеринин бош кызмат орундарына конкурс жарыяланды. Ага төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп берген жарандар катыша алат:

- жогорку педагогикалык билими жана жети жылдан кем эмес педагогикалык иш тажрыйбасы барлар;

- атайын педагогикалык билими жана адистиги боюнча беш жылдан кем эмес иш тажрыйбасы барлар (ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар үчүн адистештирилген жалпы билим берүү уюмдары үчүн);

- соттолбогондор;

- мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими менен педагогикалык ишмердүүлүк менен алектенүү укуктары чектелбегендер;

- жалпы билим берүү уюмдун ишмердүүлүгүн пландаштыруунун жана көзөмөлдөөнүн формаларын уюштуруунун жалпы принциптерин, уюмдун ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун баалоо ыкмаларын жана персоналды башкаруу, иш кагаздарын жүргүзүү, ички эмгек тартибин, жалпы билим берүү уюмунун администрациялык каржылык-чарбалык ишмердүүлүгүн жөнгө салуу боюнча Конституцияны жана мыйзамдарды билген;

- билим берүү системаларын башкаруу ыкмаларын, маалыматтык технологиялар жана тез башкаруу чечимдерин кабыл алуу боюнча көндүмдөрүн, алардын кесепеттерин болжолдоо, ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана эл алдында чыгып сүйлөө көндүмдөрүнө ээ болгондор;

Конкурска катышууну каалаган талапкер конкурстук комиссияга сынак жарыяланган күндөн баштап 10 иш күнү аралыгында төмөндөгү документтерди тапшырышы керек:

- белгиленген формадагы жазуу жүзүндөгү жеке арызын (№1 тиркеме) жана сүрөтүн (3×4 см);

- паспортун;

- жогорку педагогикалык билими тууралуу дипломун (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн) (тиркемеси менен);

- эмгек китепчесин (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

- жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук берүүсүн (№2 тиркеме);

- соттолгондугу (соттолбогондугу) жөнүндө маалым катын;

- психикалык ооруларынын жана наркологиялык диспансерлерде каттоосу жоктугу жөнүндө маалым катын.

Талапкер документтердин көчүрмөлөрүн жеке электрондук почтасы аркылуу тиешелүү болгон облустун электрондук дарегине жөнөтөт.

Чүй облусу - konkurs.chui.2022@gmail.com

Талас облусу -konkurs.talas.2022@gmail.com

Ош облусу - konkurs.osh.2022@gmail.com

Ош шаары - konkurs.g.osh.2022@gmail.com

Баткен облусу - konkurs.batken.2022@gmail.com

Нарын облусу - konkurs.naryn.2022@gmail.com

Бишкек шаары - konkurs.bishkek.2022@gmail.com

Ысык-Көл облусу - konkurs.ik.2022@gmail.com

Жалал-Абад облусу - konkurs.ja.2022@gmail.com

Документтери өз убагында тапшырылбаса же толук берилбесе талапкер сынактан четтетилет. Талапкерден жетишпеген документтерди талап кылууга тыюу салынат.

Документтер он жумушчу күндүн ичинде - 6-августка чейин кабыл алынат .

Эске салуучу маалымат - 21-июлда Талас районундагы "Манас" мектеп-лицей-интернатына жана Бакай-Ата районундагы Чалдыбар мектеп-интернатына директорлорду тандоо боюнча биринчи пилоттук сынак өтүп, жети адамдан арыз түшүп, анын төртөө катышкан. Алардын арасынан сынактын талабы боюнча 60 босоголук пайыздан жогору балл алган Айгүл Орозалиева жеңүүчү деп табылган.

Президент Садыр Жапаров 12-июлда мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин ишин жакшыртуу боюнча жарлыкка кол койгон. Ага ылайык беш жылдан ашык иштеген мектеп директорлору кызматтан кетүүгө тийиш болгон. Мындан ары билим берүү мекемелеринин жетекчилери сынактын жыйынтыгы менен беш жылга тандалат.

Ушул тапта өлкө боюнча 2333 мектеп бар, анын 966нын директорлугуна конкурс жарыяланды. Республика боюнча окуучулардын саны - 1 млн. 407 миң. (КО)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG