Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:31

Назарбаевдин өкүлү экс-президент Түркияда орусиялык саясатчылар менен жолукпаганын билдирди


Нурсултан Назарбаев. Архивдик сүрөт.
Нурсултан Назарбаев. Архивдик сүрөт.

Казакстандын мурдагы президентинин маалымат катчысы Айдос Укибай "Нурсултан Назарбаев эмгек өргүүсүнөн кийин Түркиядан кайтып келгенин" Твиттерге жазды.

Укибай "эс алуу учурунда тунгуч президент чет өлкөлүк расмий адамдар же бизнес өкүлдөрү менен жолукпаганын" баса белгиледи.

Буга чейин бир нече маалымат каражаты расмий эмес булактарга шилтеме берип, Түркияда Назарбаев орусиялык ЛДПР партиясынын лидери Леонид Слуцкий жана Орусиянын ири компанияларынын жетекчилери, бизнес өкүлдөрү менен жолуккан болушу мүмкүн деп жазышкан.

Экс-президент акыркы убакытта Түркияга бир нече жолу барган.

Январь окуяларынан кийин Назарбаевдин өлкөнү башкаруудагы таасири азайганы байма-бай айтылып жүрөт. 5-июнда өткөн референдумда ага жана үй-бүлө мүчөлөрүнө артыкчылыктарды, кол тийбестикти камсыздаган мыйзам жокко чыгарлыган.

Жыл башындагы кандуу окуялардан кийин Назарбаев биринчи жолу 18-январда коомчулук алдына чыкканда өзүн "катардагы пенсионер" деп атаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG